Билим берүү жана илим министринин орун басары Н.Ишекеев ээлеген кызматынан бошотулду
Билим берүү жана илим министринин орун басары Назаркул Ишекеев ээлеген кызматынан бошотулду.
Өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн, 28-октябрда билдиргендей, бул боюнча тиешелүү буйрукка премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койду.
Мурдараак Н.Ишекеевдин ордуна Бермет Турсункулова билим берүү жана илим министринин орун басары болуп дайындалгандыгы маалымдалган.
Булак : Баракелде

Комментарий кошуу