от15

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Генетикалык ресурстарга жеткиликтүүлүктү жөнгө салуунун жана аларды колдонуудан алынган пайданы Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенцияга карата адилеттүү жана теңдеш негизде биргелешип пайдалануунун Нагоя протоколуна кошулуусу тууралуу”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 5-февралында кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз  Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Кыргыз Республикасынын Генетикалык ресурстарга жеткиликтүүлүктү жөнгө салуунун жана аларды колдонуудан алынган пайданы Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө карата адилеттүү жана теңдеш негизде биргелешип пайдалануунун Нагоя протоколуна кошулуусу жөнүндө грамотаны Депозитарий болуп саналган Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысына депонирлесин деген милдет тагылды.

Жарлык расмий жарыялан ган күндөн тартып күчүнө кирет.