Ж.Оторбаев министр М.Турганбаевге укук коргоо блогун реформалоо боюнча чечкиндүү чараларды кабыл алууну тапшырды
28-октябрда премьер-министр Жоомарт Оторбаев КРнын ички иштер министрлигине жаңыдан дайындалган министр Мелис Турганбаевди кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Өкмөт башчы М.Турганбаевдин Бишкек шаарынын коомдук тартибин камсыздоого кошкон салымын белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө Ж.Оторбаев ИИМ жетекчиси Мелис Турганбаевге Бишкек шаардык ШИИБ жетекчиси кызматында колдонулган иш принциптерин республика алкагында пайдалануу сунушун берди.
«Ички иштер министрлигинин жаңы жетекчилиги кыска мөөнөттө укук коргоо блогун реформалоо боюнча чечкиндүү чараларды кабыл алышы тийиш», – деп белгиледи Ж.Оторбаев.
Өкмөт башчы ички иштер министринин көңүлүн республиканын аймактарындагы өзгөчөлүктү эске алуу менен коомдук коопсуздукту камсыздоо маселесин чечүүгө карата кылдат жана так мамиле кылуу зарылдыгына бурду.
Булак : Баракелде

Комментарий кошуу