Өкмөткө жолдонгон Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын сунушунда, энергетика тармагындагы бийик кызматтарга алар тараптан дайындалып жаткан адамдардын айланасындагы абалды кароо жана аларды ээлеген кызматтарынан кыска убакыттын ичинде бошотуу, ошондой эле аларды дайындоо жөнүндө чечим чыгарган тараптардын аракеттерине баа берүүнүн зарылдыгы айтылат. Бул сунуштоо тууралуу 28-октябрда фракциянын катчылыгы билдирди.

«Биздин өлкөнүн энергетика тармагында жаралган оор абал бизден чечкиндүү жана кардиналдуу чараларды талап кылат. Коррупцияга каршы күрөшүү негизги тапшырмалардын бири жана саясий жетекчиликтен бекем эрктүүлүктү талап кылат. Мурда биз белгилегендей, жетекчилик кадрларды тандоодо профессионалдуу негизде, моралдык-этикалык аспекттерди эске алуу менен кадрдык саясатты жакшыртууга өзгөчө көңүл буруу кажет.

2010-жылдагы революциядан кийин Убактылуу өкмөт өлкөдөгү социалдык-экономикалык, каржылык жана саясий кризистин оор шартында каражат издөө менен Камбар-Ата ГЭС-2 курулушун улантуу үчүн жетиштүү көлөмдө каражат бөлгөн.

Бул чечим биринчиден, анын курулушуна ири көлөмдө каражат жумшалгандыгы жана экинчиден, анын ишке кириши биздин республиканын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн берүүсү менен байланыштуу болгон.

Ал учурдагы бардык оор кырдаалга карабастан, ар кандай коррупциялык схемаларды колдонуу менен «Электр станциялары» ААК, «Камбар-Ата ГЭС-2» жана «Нарынгидроэнергокурулуш» ААКтын жетекчилиги: Качканкулов Бектурсун Жандарович («Камбар-Ата ГЭС-2» ААКтын башкы директору), Бакиев Осмонбек Керимбаевич («Электр станциялары» ААКтын башкы директорунун орун басары), Кайбалиев Аскаралы Канболотович («Электр станциялары» ААКтын башкы директорунун орун басары), Худайбердиев Акбаралы Рахманалиевич («Камбар-Ата ГЭС-2» ААКтын башкы директорунун орун басары) жана Качкынбаев Осмон Кененбаевич («Нарынгидроэнергокурулуш» ААКтын техникалык директору) бөлүнгөн акча каражатын ар кандай фирмаларга бөлүү менен мамлекетке 1 млрд 230 млн сом зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, аталган кызмат адамдарына 185-берене (Мамлекеттик насыяны максатсыз колдонуу), 221-берене (коммерциялык же башка уюмдарда кызматкердин ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу), 350-берене (Мамлекеттик документ, мөөр, штамп жана бланкттарды жасоо, даярдоо, сатуу же пайдалануу) боюнча айып тагылган.

Бул боюнча иликтөө иши аяктап, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна берилген. Бирок, соттун 2012-жылдын 12-октябрындагы токтому менен аталган тараптарга КРнын «КРнын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгы менен байланыштуу мунапыс жөнүндө» мыйзамы менен мунапыс каралган.

Аталган кылмыш иши боюнча болгону А.Топчубаева («Электр станциялары» ААКтын юридикалык бөлүмүнүн башчысынын орун басары) гана жоопкерчиликке тартылган», – деп айтылат фракциянын маалыматында.

Бирок, аталган кылмыш ишинин алкагында күнөөлүү деп табылган тараптар кийин кайрадан энергетика тармагында жоопкерчиликтүү кызматтарга дайындалды, деп айтылат «Ата Мекен» фракциясынын билдирүүсүндө.

Анын ичинен:

– «Камбар-Ата ГЭС-2» ААКтын башкы директору Качканкулов Бектурсун Жандарович;

– Бишкек ЖЭБдин директорунун оңдоо иштери боюнча орун басары Бакиев Осмонбек Керимбаевич;

– «Камбар-Ата ГЭС-2» ААКтын башкы директорунун биринчи орун басары Худайбердиев Акбаралы Рахманалиевич;

– «Нарынгидроэнергокурулуш» ААКтын башкы директору Качкынбаев Осмон Кененбаевич.

Аталган тараптардын кылган кылмыш иштери менен жетекчилик кызматтарга дайындалышы жана ошондой эле коррупциялык иши үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган адамдын министр болуп дайындалышы укуктук мамлекеттеги баалуулуктарды тоготпогондук, деп белгиленет билдирүүдө.