Асыл адам
Султан Ибраимов 1968-жылдын 23-январында партиянын Ош облустк комитетинин биринчи катчысы болуп, ары жооптуу иш тизгинин колго алган. Мурун суу чарба министри, Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин катчысы болуп иштеп турган учурунда да Ош облустуна бир нече ирет келип, өз милдетине жараша далай аймактарын кыдырганга үлгүргөн. Эми минтип республикабыздын теңинен көп аймагын ээлеген облусту жетектөө милдети жаш жетекчиге жогорку ишеним менен жүктөлүп олтурат. Облустагы мал чарбасын өнүктүрүү да жетик жетекчинин негизги багыттарынын бири болду. Анын да жөнү бар. Себеби, бул облустун жергиликтүү журту көбүнесе дыйканчылыкка ык алышып, мал чарбасы экинчи планда калып келген. Ошондуктан, облустагы мал чарбасы атайын партиянын облустук комитетинин бюросунда каралып, аталган тармакты жөнгө салууга башкы көңүл бурулду. Облустун райондорундагы мал чарба боюнча жүзөгө ашып келген иш-аракеттер менен терең таанышып чыгып, иш-тажрыйбасы бар партиянын райондук комитеттеринин биринчи катчыларын орун которуштурууну туура көрдү.
Алыскы Лейлек районунда койдун төлүнүн, жүнүнүн көрсөткүчү кескин түрдө төмөндөп, малдын өлүмү күч алган. Бул районго Токтогул районундагы райкомдун экинчи катчысы болуп иштеген Вагинур Талиповду биринчи катчы кылып жиберди. Толук тийиштүү чечимге келгенче жетекчинин иш-стилин, мал чарбасына жасаган мамилесин кеңири карап чыкты. Ишеним артып, алыскы райондогу мал чарбасын өйдөлөтүүгө үмүттөндү.
Жумушка эрте келчү көнүмүш адаты. Ал учурда кароолчу, багбандар короо тазалап, бак-дарактарды сугарып жүргөн учур болот. Алар менен саламдашып, үй шарттарын сурап, мүдөө-талаптарын угуп, көбүнчө көмөк көрсөткөнүн көргөндөр сыймык менен эскеришет.
Ош облустунун жергиликтүү журту дыйканчылыкка жакын келип, алардын өндүрүмдүү иштөөсү үчүн Султан Ибраимов толук шартты түзүп берип, туура багыт бергенин ким төгүнгө чыгарат. Өзгөчө кирешелүү болгон пахтанын түшүмдүүлүгүн арттырууга өзгөчө маани берип, чигит жер бетине өнүп чыккандан баштап пахтазарга күнү-түнү келип, иштин жүрүшүнөн кабар алып туруу адатка айланган.
Түнкү сугат демекчи, бул жетик жетекчинин иш демилгеси.
Кызматтык автоунаасына резина өтүгүн сала жүрчү. Бир жолу түнкү сугаттын кандай деңгээлде жүргүзүлүп жатканынан кабар алуу үчүн чарбалардын кур дегенде бирөөн кыдырууну туура көрөт. Көктө толгон ай. Жайдын саратан мезгили. Айлана үп. Обкомдун биринчи катчысы кол чырагын алып, пахта талаасын кыдырып, бир да сугатчыны кезиктирбеди. Гозолордун чаңкагандай түрү бар. Кол чырагын тамызып, жөөктөрдүн бир далайын аралап көрдү.
Султан Ибраимович өзгөчө жаштарды пахта талаасына көбүрөөк тартууга, алардын ишке болгон кызыгуусун арттырууга көп аракет жумшады.
Айталы, ошондо “Он алты кыз” комсомолдук кыздар бригадасы жаңыдан демилге деми, үлгүсү катары түзүлүп иштегени элдин эсинде сакталуу болуш керек. Аталган бригаданы Асылкан Акматова жетектеп, жаштык дем, жаштык жалын пахтазарда сыналып, кыздардын терим маалындагы назик обондору оболоп, аны күздүн тентек жели алыс-алыска уурдап, жар салып таратчу.
Көпчүлүктүн эсинде бар ошол “Он алты кыз” комсомолдук кыздар бригадасы Бүткүл Союздук теледен көрсөтүлүп, радиодон атайын программа даярдалып, “Известия”, “Комсомольская правда” газеталарына алардын аткарган иштери, жараткан ийгиликтери сүрөттөрү менен жарыяланган.
Султан Ибраимов партиянын Ош областтык комитетинин биринчи катчысы болуп иштеп турганда пахтачылар арасында Социалисттик Эмгек Баатырларынын катары арбып, Эмгектеги Баатырдык жылдызын төшүнө тагынгандар чыкканын тарых ырастап келет. Айталы, Саадат Ногоева, Диларам Рафикова, Тургун Машрапова, Өлмөскан Атабекова айтор, тизмектей келсең дагы бир далай бактысын чыныгы эмгектен тапкан “ак алтын” устаттарынын жүздөрү, күнгө тотуккан баба дыйкандардын сүрөттөрү көз алдыңа тартылат.
Султан Ибраимов 1968-жылдын башында Ош облустуна жетекчи болуп келгенден баштап, ишти туура жолго коюп, жетекчи кадрларды туура тандап, аларга таза, айкын багыт беришинин жемиши акыбетин бере баштаганы облустун журтунун назарына илине баштайт. Айталы, ошол биринчи эле жылдын жыйынтыгында КПСС Борбордук Комитетинин, СССР Министрлер Советинин, ВЦСПСтин жана ВЛКСМ Борбордук Комитетинин Өтмө Кызыл Туусун алууга татыктуу болгон.
Бул асыл адамыбыздын ички маданиятынын бийиктиги, катуу айтпай, бирөөнүн көңүлүн калтырбай жылуу мамиле жасаганы үлгү аларлык касиет. Ал жаш кадрлар менен адеп аңгемелешүү жүргүзгөндө негизги “беш” маселеге алардын көңүлүн бурчу экен: 1-элдин арасында болуу; 2-алардын суроо-талаптарын, көйгөйлөрүн билип туруу, аларды өз нугу менен чече билүү; 3-убада бергениңди эч качан унутпа; 4-аксакалдардын айткандарын, тажрыйбалу адистердин айткандарын эске алуу; 5-иш билги сапаты бар кадрлардан резерв түзүү.
Маалында Султан Ибраимовдун кабыл алуусунда болуп, кызмат орду өйдөлөгөндөр жогоруда айтылгандарды көкүрөктөрүндө тумар сымал сактап келгени жашыруун эмес.
Айтор, Султан Ибраимовдун Ошто жасап кеткен иши көп. Айталы, Папанга жол салган. Мен эми жолчу болгон соң айтпай кетсем болбойт. Ошондой эле Араван-Ак-Буура каналын салдырткан. Кыргыз, өзбек драма театры, Токтогул ГЭСи, Күрпсай ГЭСи.
Бу кишинин өмүрү кыска экен. Кыргыз өкмөтүн башкарып, республиканын экономикасын өнүктүрүү жолунда баратканда зөөкүр, канкордун колунан каза тапты. Бул жандырмагы чечилбеген табышмак сыяктуу. Эми ошол кылмыш жасагандар кудайдын алдында, өзүнүн адамдык абийир сотунун алдында өкүнүп жүргөн болуш керек.
Биз эл өкүлдөрү чыгаан мамлекеттик ишмер Султан Ибраимовдун элине сиңирген эмгегин эске алып, аны “КР Баатырдыгына” сунуштадык. Албетте, муну сунуштаган депутаттардын демин кыргыз калкы суутпай, кызуу колдоого алат деген илгери ишеничтемин. Мына ошондо маркумдун арбагы ыраазы болот болуш керек.
Абдыжапар БЕКМАТОВ, ЖК депутаты


Комментарий кошуу