Базар-Коргондо жаңы балдар бакчасы ачылды (фото баян)
Базар-Коргон районундагы Акман айыл аймагындагы Колот айылында эки тайпага эсептелген 62 орундуу жаңы №24 «Раяна» балдар бакчасы ачылып, ишке берилди. Буга чейин башталгыч мектептин имараты болуп келген жай капиталдык сапатуу ремонттоодон чыгарылып, кайрадан балдар бакчасына айландырылды. Колот айылынын жашоочулары, коомчулук жана ата-энелер 180 миң сом акча жыйнашып, мектеп жашына чейинки бөбөктөрдү чоң кубанычка бөлөшүп, көптөн күткөн жаңы балдар бакчасы ишке берилди.
-Эки тайпага эсептелген «Раяна» балдар бакчасында 62 бала тарбияланат. Жалпысынан 13 кызматкер эмгектенсе, анын ичинен 2 тарбиячы, 2 жардамчы тарбиячы жалаң бөбөктөр менен иштешет. Бул жерде балдарыбыздын көңүлдүү эс алуулары жана талаптагыдай таалим-тарбия алууларына бардык ыңгайлуулуктар менен шарттар толук жаратылган,-дейт балдар бакчасынын башчысы Анара Исакова.
Балдар бакчасынын ачылыш аземине катышкан өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгембердиева Колот айылынын жашоочуларын жана ата-энелерди жаңы балдар бакчасынын ачылыш аземи менен куттуктап, бакчанын эмгек жамаатына жаңы түстүү телевизорду белек катары тартуулады.
– Учурда Базар-Коргон районундагы Акман айыл аймагында 13 миң калк жашап, 6 орто мектеп, 2 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 1 ФАП жана 3 балдар бакчасы иштеп жатат,- дейт Акман айыл аймагынын башчысынын орун басары Субанбек Исмаилов.
Быйылкы жылы Кайрыма айылында сметалык наркы 11 млн сомду түзгөн жаңы балдар бакчасынын курулушу дагы башталат.
Жолдошбай ОСМОНОВ




Leave a Reply