детоубий

Арча-Бешик жаңы конушунда энеси өз балдарын өлтүрдү. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен билдирди.  Маалым болгондой, кечээ, болжол менен саат 11:30 чамасында Бишкек ШИИБдин күзөт бөлүмүнө “Арча-Бешикте” жашы жете элек 2 бала өлтүрүлгөндүгү жөнүндө маалымат келип түшкөн. Окуя Арча-Бешик жаңы конушундагы Ойсул-Ата көчөсүнүн №51 үйүндө болгондугу аныкталды. Үйдү текшерүүдө өлтүрүлгөн 2012-жылы туулган Чыңгыз менен 2011-жылы туулган Нурайымдын сөөгү жана ашкана бычагы табылды. Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Аталган факт боюнча Бишкек ШИИБ тарабынан кылмыш-жаза кодексине ылайык кылмыш иши козголду. Ага шектелип, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын тургуну, өлтүрүлгөн балдардын 1981-жылы туулган энеси кармалды. Учурда тергөө иши жүрүп жатат.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА