Жол картасынын багыттары жакшы
19-ноябрда Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Бүткүл дйнөлүк Банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Жан-Мишель Хаппи баштаган миссия менен жолугушту.
Өкмөт башчы ДБнын туруктуу өкүлү менен мамлекеттик башкарууну 2017-жылга чейин реформалоонун багыттарын аныктаган Жол картасы жүзөгө кандай ашып жаткандыгын талкуулады.
“Биз мамлекеттик секторду реформалоо боюнча Жол картасын жүзөгө ашыруунун үстүндө активдүү иштеп жатабыз. Документте көрсөтүлгөн максаттар жарандык коом тарабынан кызуу колдоо тапты. Анткени алар да, биз да өз үйүбүздү тартипке келтирип, тиешелүү реформаларды жүргүзүү зарылдыгын түшүнөбүз”, – деди Ж.Оторбаев.
Анын айтымында, Жол картасында белгиленген 66 иш-чаранын кыска мөөнөттүү 28и аткарылды. Калган орто жана узак мөөнөттүү 38 иш-чара эл аралык эң мыкты тажрыйбаларды эске алуу менен ишке ашырылат.
Бүткүл дүйнөлүк Банктын мамлекеттик сектор боюнча улук адиси Яна Куницова Кыргызстанда реформалар ыкчамдык менен жүргүзүлүп жаткандыгын белгилеп, өнөктөштөр Жол картасын жүзөгө ашырууну каржылоо боюнча көмөктөшөт деген оюн билдирди.



Комментарий кошуу