китеп1

18-ноябрда Улуттук илимдер академиясынын илимий китепканасында академиянын 60 жылдыгына карата китеп көргөзмөсү болуп өттү.

Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдардан бери жарык көргөн бул китептер көргөзмөсүн Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, академик А.Акматалиев уюштурган. Көргөзмөгө акын-жазуучулар, илимпоздор, китептин авторлору, китеп сүйүүчүлөр катышышып, чер жаза карап чыгышты. Илимдер академиясы 1992-жылдан бери илимий негизде кандай китептер чыккандыгы жөнүндө маалыматты тизмектеген “Эгемендүү мезгил жана руханий дүйнө” аталышындагы басылманы чыгарган. Анда илимий эмгек, монографиялардын миңге жакын аталышындагы тизме бар.

Китеп көргөзмөдө сейрек кездешүүчү китептер менен кошо жаңы чыккан Жусуп Мамайдын Манастын 8 урпагы жөнүндө 8 томдугу да бар. Илимдер академиясы аткарып жаткан албан иштерди ушул эмгектер да тастыктап турат. Бул китеп көргөзмөсүнүн эшиги бир жума ачык болуп, окурмандарды күтмөкчү.

Сымбат Максутова