китеп садыр1

Жогорку Кеңештин бүгүн 21- январь күнкү жалпы жыйынында 16 маселе каралат. Күн тартибинде карала турган маселелердин ичинде экс депутат С.Жапаровдун “Саясатка аралашкан 10 жыл” китебинде айтылган айыптоолор боюнча Башкы прокуратуранын маалыматын угат. Эске салсак, Садыр Жапаровдун «Саясатка аралашкан 10 жыл» аттуу китеби жарык көргєн. Ага автордун коомдук-саясий турмушка активдүү аралашкан он жыл ичиндеги башынан өткөргөн окуялары сүрөттөлөт. Садыр Жапаров 2006-жылы түзүлгөн “Ата-Журт” партиясынын түптөөчүлөрүнүн бири. Ага партиялаштары Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов менен бирге мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып тагылып, 2012-жылы камалган. 2013-жылы мандатынан ажыраган.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА