фут1

Бүгүн, 21-январда Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан Шериктештик Кубогу – 2015 эл аралык турниринин чейрек финалы башталат. Футбол боюнча Кыргызстандын жаштар курамасы (U-21) 1/4 финалда А тайпасында 3-орунду ээлеген командага – Финляндия курамасына каршы ойнойт. Эске салсак, кыргызстандык команда В тайпасында УЕФА зонасындагы өлкөлөр – Россия, Молдова жана Латвия менен матчтарды өткөрдү. Баштапкы матчта кыргызстандык оюнчулар Молдовадагы теңтуштары менен жолугушуп, оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган. Экинчи айлампада да Латвиянын курамасы менен 1:1 эсебинде тең чыгышты. Россия командасы менен болгон үчүнчү матч кыргызстандыктарга көптөн күттүргөн жеңишти алып келди – 2:1. Жыйынтыгында Кыргызстан В тайпасындагы турнирдик таблицада биринчи орунду ээледи. Финляндия курамасы А тайпасында Эстония, Белоруссия жана Түркмөнстандын командалары менен беттешти. Биринчи айлампада Эстонияны 1:2 менен утса, 2-айлампада финндер Түркмөнстан менен тең чыкты – 1:1. Акыркы матчта Белоруссияга минималдуу эсеп менен жеңилүүгө дуушар болду – 0:1. Тайпалык этапта Кыргызстандын атаандаштары 3-орунга жазылышты. КР — Финляндия оюну бүгүн саат 15:00дө (Бишкек убактысы боюнча) башталат. Кошумчалай кетсек, чейрек финалда ошондой эле, Россия, Түштүк Африка, Белорусия, Казакстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын курамалары ойношот.

Чейрек финалдын матчтары, 21-январь

15:00 Кыргызстан – Финляндия

17:15 Белорусия – Казакстан

19:30 Тажикстан – Түркмөнстан

22:00 Россия – Түштүк Африка

Мээрим БАКТЫБЕКОВА