Ушул жылдын 9 айындагы иштеринин жыйынтыгы боюнча КРнын мамлекеттик салык кызматынын коллегиясынын чечимин аткаруу максатында, салык органдарынын бир катар жетекчилерине тартип жазалары берилди. Тийиштүү буйрукка бүгүн, 28-октябрда МСКнын төрагасы Замирбек Осмонов кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда МСКнын басма сөз кызматы билдирди.

Тактап айтканда, салык кызмат органдарынын жетекчилерине жана жетекчинин орун басарларына, анын ичинде бөлүм башчыларына  6 катуу сөгүш, 14 сөгүш жана 32 эскертүү жарыяланды.

Жетекчилер үстүбүздөгү жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик бюджеттин болжолдук көрсөткүчтөрү аткарылбагандыгы, салык карыздарын өндүрүү жана атайын салык режимдери боюнча салыктык тескеп-башкаруу боюнча начар иш алып баргандыктары үчүн жазаланышты.

МСКнын жетекчилиги салык органдарынын начальниктерине жана алардын орун басарларына ар бир айдагы салыктар боюнча план 100 пайызга аткарылышын тапшырды жана болжолдук көрсөткүчтөр аткарылбаган учурда ээлеген кызматынан бошотууга чейинки катуу тартип жазаларын колдонуу маселеси каралаары тууралуу эскертти.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 20-октябрында Мамлекеттик салык кызматынын 9 айындагы иштеринин жыйынтыгы боюнча кезектеги коллегиясынын отуруму болуп өткөн. Коллегиянын жүрүшүндө, ушул жылдын 9 айындагы мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу, салык карызын өндүрүү боюнча маселелер, атайын салык режимдери боюнча салыктык-тескеп башкаруу иштеринин абалы каралган. Ошондой эле, Мамлекеттик салык кызматындагы коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу боюнча иштер жана башка маанилүү маселелер талкууланган.

салык