Трансгендер, бисексуал, гей жана лесбияндардын бирикмелери Жогорку Кеңештин «Ар-Намыс» фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулунун ысымы менен — bakiruulu.com. сайтын ачты.

Аталган сайттын башкы бетинде, «Кыргыз Республикасындагы ЛГБТ жамааттарынын расмий сайты», деп жазылган.

Бул боюнча Т.Бакир уулу укук коргоо органдарына кайрыла тургандыгын АКИpress агенттигине билдирди.

«Бул боюнча мен укук коргоо органдарына кайрылам. Мен алар менен соттошом. Сайттын түзүлүшү толугу менен Кылмыш кодексинин «ушак, жалган билдирүү» беренесине туура келет. Бул бала кылган тентектик эмес, бул кылмыштык жаза алуучу иш, чагымчылдык. Алар мага согуш жарыялады, мен бул согушту кабыл алам», – деди эл өкүлү.

«Мындайды жазган адамдар — ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар деп эсептейм. Алар мен ислам мыйзамына ылайык аракет кылып, аларга таш ыргытат деп ойлоп жатышат, бирок мен аны кылбайм. Мен динден тышкары мамлекеттин жаранымын жана аларды таш менен урбайм, мен бардыгын кыргыз мыйзамынын негизи менен аткарам», – деп кошумчалады Т.Бакир уулу.

Аталган сайттын башкы бети:

САйт