Кыргызстан БУУнун Башкы Ассамблеясында добуш берүү укугунан убактылуу ажыратылды
Бүгүн 29- январь күнкү Жогорку Кеўештин жалпы жыйынында депутат Кантемир Мурзабеков Кыргызстан БУУнун Башкы Ассамблеясында добуш берүү укугунан убактылуу ажыратылганын айтты.
“Добуш берүү укугун калыбына келтирүү үчүн Кыргызстан 6 миң 731 доллар төлөшү керек. Бул эми болбогон эле карыз. Ушул маселени көзөмөлүңүзгө алууңузду суранам. Бизден башка дагы мамлекеттер тизмеден чыгарылыптыр. Бирок ушул жылдын сентябрь айына чейин төлөп, кайра катарга кирсе болот”, – деди Мурзабеков.
Башка депутаттар да бул маселеге кайрылып, өкмөт бул каражатты төлөөнү тездетүүнү талап кылышты. Кыргызстандан башка дагы төмөнкү мамлекеттер тизмеден чийилиптир: Гренада, Маршаллов аралдары, Македония, Тонга, Вануату жана Йемен.
Мээрим БАКТЫБЕКОВА


Комментарий кошуу