преступ

Бишкек шаарында 9 жаштагы кызга карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаган деген шек менен кыздын таякеси кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 35 жаштагы шаардын тургуну кайрылган. Анда ал 2013-жылдан баштап 2014-жылга чейин анын 9 жаштагы кызына карата сексуалдык мүнөздөгү ыплас аракеттер жасалып келгенин айткан. Иликтөө иштеринин алкагында арыз жазган айым кызын бир тууган инисине таштап, Орусияга кеткени аныкталган. Кийин айым Орусиядан кайтып келген соң, анын кызынын бир нерседен жүрөгү түшкөнсүп, өзгөрүлүп калганын байкаган. Кийин кызга карата сексуалдык мүнөздөгү ыплас аракеттер жасалып жүргөнү белгилүү болгон.  Бул кылмышка шектүү катары Ысык-Көлдүн 27 жаштагы тургуну, арыз жазган айымдын иниси кармалган. Учурда ага карата кылмыш иши козголуп, ал Бишкектеги №1 СИЗОго камакка алынды, учурда бул иш боюнча иликтөө иштери улантылууда.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА