Кыргыздын белгилүү журналисттеринин бири, мурдагы “Лица” гезитинин башкы редактору Бермет Букашева, өз маалында Бакиевдердин бийлигин ачык сындап, чындыкты айтканы үчүн ал бийликтин кысымына алынып, акыры гезитин сатып, өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон. Азыркы тапта Бермет айым океандын аркы жагы АКШда жашап, иштеп жүрөт. Журналист айымга ар тараптуу суроолорубузду узатып, дидарлаштык.308906_263734797011533_1779120609_n (1)

-Учурда Америкада жашап, иштеп жүрөсүз, жашооңуз жакшыбы, эмне иш менен алексиз?

– Бир бутум Америкада, бир бутум Кыргызстанда болуп жүрөм. Америкада Нью-Йорк шаарындагы бир кайрымдуулук фондунда иштеп, орусча сүйлөгөн КМШ өлкөлөрүнөн келген мигранттарга англис тилинен сабак берүүдөмүн. Ал эми алдыда башка штатка кетсемби деген пландарым бар. Аны менен бирге Кыргызстанда жарык көрүп жаткан «Жаңы Жүздөр» деген гезитте иштеп жатам, ал гезитте атайын өзүмдүн рубрикам бар. Жайында 3 ай Кыргызстанда болуп, «Мира» деген китебимди чыгарып саясатчылар менен жолугуп, интервьюларды алдым. Американы дагы кыдырып, тарыхчы анан журналист катары изилдөө жүргүзүп, АКШ жөнүндө китеп жазып жатам.

– Элиңизге келип, кызмат кылсам деген оюуңуз барбы?

– Өз жумушуңду кылганды бизде “кызмат” деп түшүнүк менен карашат, ал нерсе туура эмес. Мен журналист катары бийликтегилердин кылмыштарынын бетин ачып, кызмат кылып жүрөм. Китеп, макала жазып, маалымат берип, аз да болсо коомум үчүн өз милдетимди аткаруудамын деп ойлойм. Ал эми, саясатчылар менен жакшы мамиледе болсом деле, аларга каршы сүйлөйм. Кызмат сураган жокмун. Алардан деле кызмат берели деген сунуш болгон жок.

-“Мира” деген аталышта саясый-публицис­ти­калык романыңыз жарык көргөнү белгилүү. Аталган романдын экинчи басылышын жазсамбы дедиңиз эле, бул жагы кандай болуп жатат?

-Экинчи басылышын жакында буюрса баштаганы турам.

– Романды окуп, баа берген саясатчылар болдубу?

-Саясатчылар окушту, каармандардын арасынан өздөрүн издешти. Кирбегендер болсо ичинен таарынып, сырттарынан көрсөтүшпөйт, бирок мага көрүнүп эле турат. Бирок бир китепке ошолордун баарын кантип киргизүүгө болмок эле? Романда бир гана Кондолиза Райс, анан Борис Березовский болбосо, башка прототиптер түз прототиптер эмес. Бакиевдерге жакын, өзгөчө Максим. Башка каармандар болсо – өз алдынча инсандар, алардын мүнөздөрү, ойлору, кылган иштери ойдон чыгарылган. Роза Отунбаева, Медет Садыркулов, Өмүрбек Текебаевге толук окшошпойт. Андай кылгым келсе, өлкөнү Чынгызстан деп атабай эле, Кыргызстан деп атамакмын. Негизи, мен эч качан саясатчыларга жаксын деп жазбайм. Мага болгону жөнөкөй элге жакса эле болду. Китеп менин окурмандарыма жакты. Ыраазычылыктарын билгизишип, кызыгып окушкандарын айтышты.

-Ошол кезде сиз менен чогуу жүргөн оппозиция өкүлдөрү, азыркы бийликтегилер менен мамилеңиз кандай?

– Саясаттын турмушу абдан кызык экен. Себеби мурда дос болгон адамдар менен катышпай кетет экенсиң. “Саясатта достук жок, саясатта бир гана кызыкчылык бар” – деген жакшы сөз бар, бул таамай айтылган кеп. Саясатчылар сен керек болгондо гана сени менен жакшы мамиледе боло калышат. Андан кийин унуткарышып коюшат. Мисалы, мен Роза Исаковна менен жакшы мамиледе болчумун. Бирок, революциядан кийин бири бирибизге кат жазыштык, бирок, кызык нерсеси “ Бермет, кел, сендей кишилер керек”- деп айта алган жок. Андай мисалдарды келтире берсем, өтө эле көп. Алардын аттарын чыгарганга биз, журналисттер керекпиз. Бийликке келгенде эле мурдакы досторуң унутушат экен. Бирок мен ал нерсеге кайгырбайм, президенттер келет-кетет, журналисттер, жазуучулар калат. Мен алардан эч нерсе күтпөйм деле, болгону достуктун бааланышы керек деп ойлойм. Сыйлашкан адамдардын жанында мен бармын, мен аларга да колуман келишинче сый мамиле кылууга аракетимди жасайм.

-Келээрки шайлоодо тизмеге кирип, депутат бол деген сунуштар болдубу?

-Мен “Ата-Мекен” партиясынын мүчөлүгүнөн чыккан жокмун, бирок ал партия мени тизмеге кир деп чакырган эмес. Азыркы учурда менин мурунку ордума башка кишилерди киргизип, алар депутат болуп отурушат. Башкалардан сунуш түштү, чакырышты. Бирок кирем деген чечимден азырынча алысмын. Партиядан партияга качкандарды жаман көрөм. Негизи, андай кишилер элдин ишениминен чыгып кетээрин түшүнүшпөйт деген ойго кептелем.

– Кыргызстандагы бүгүнкү сөз эркиндигине кандай баа бересиз?

-Сөз эркиндиги бар. Аны менен бирге сөз эркиндигинин жаман жагы да орун алган. Азыркы тапта, айрым маалымат каражаттары жалаң гана ушактар менен алектенип калышкандай. Алар жазган маалыматтарды окугуң да келбейт. Кыргыз тилин ушакчылардын тилине айландырган журналисттерге абдан капа болом.

-Кыргызстанда азыр оппозиция барбы жана анын күчү кандай?

-Азыр күчтүү оппозиция жок. Бирок баары такыр эле тынч болуп калган жок. Ага мисал – премьерлердин дайыма алмашкандарын айтаар элем. Азыр оппозициянын ордуна цивилизиялуу парламенттин оюн системасы бар десе болот.

– Муздак шаарлар да болот, муздак шаарларда муздак адамдар да кездешет деп коюшат го, негизи эле ушул пикирге көз карашыңыз кандай?

– Муздак убакыт деле өтөт. Бир күн бир күнгө окшобойт. Өзүң муздак болбосоң, шаарың, адамың дагы муздак болбойт.

– Эгер, сизде бир мүмкүнчүлүк түзүлүп калса, кайсы инсан менен эмне темада сүйлөшмөксүз?

– Тарыхтагы инсандар менен маек курат элем. Чыңгызхан, Нельсон Мандела, Махатма Ганди, Джордж Вашингтон, Авраам Линкольн, Томас Джефферсон…

-Эс алуу күндү кантип өткөрөсүз?

-Жер-жерди кыдырганды жакшы көрөм. Менин кызыкканым – архитектура, музейлер, тарых, живопись. Анан китеп, китеп окугандан рахат алам.

-Уулуңузга кайсы сөздү көбүрөөк айтып турасыз?

– Көрө албастык, ичи тардык начар нерсе деп көп айтам. Тарыхтагы улуу адамдардын жакшы жактарын көрсөткөнгө көп көңүл бурам. “Манас” эпосунун балдарга арналып жазылган китептерин алып бергем, ал чыгармаларды биргеликте окуйбуз. Американын президенттеринин жашоосунан балдарга жазылган китептерин чогуу окуйбуз, кино көрөбүз, алардын жашаган үй-музейлерине барабыз. Мисалы, бул айда Теодор Рузвельт, анан Франклин Рузвельт эки улуу президенттердин үйлөрүнө да барып келдик, алар жөнүндө тартылган кинолорду да көрдүк. Теодор Рузвельт бала кезинде абдан оорукчал болчу, астма менен ооруган, анан атасы денеңди өзүң кур деп, спортко аябай жакындаткан, ошону менен Теодор энергиясын абдан күчөтүп, абдан күчтүү киши болуп чыкты. Франклин Рузвельт болсо руху абдан күчтүү адам болчу. Полиомиелит менен ооруп, буту басалбай жашады, ошол оорусу менен бир эмес төрт жолу президент болуп шайланды. Элге кыйналганын эч качан көрсөтпөй, жаркырап жүргөн адам болчу. Балам 5 жашынан баштап ат минип жүрөт, абдан жакшы көрөт. Азыр уулум 8 жашта. Спорттун башка түрлөрү сууда сүзүү, өзгөчө футболду көп ойнойт, ага абдан кызыгат.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА