Темиров Таалайбек0002

Кыргыз элинин биринчи көз ачып көргөн улуттук туңгуч басылмасы болуп саналган “Кыргыз Туусу” (мурдагы “Эркин Тоо”, Кызыл Кыргызстан”, “Советтик Кыргызстан”) гезитинде иштеп калуу шыбага-бактысы мага да туура келип калганын тагдырдын табериги катары карап келем. Себеби, бул элдик-партиялык басылманын тарых-таржымалы Улуу Октябрь социалисттик революциясынан кийинки Кыргыз мамлекетинин түптөлүү, торолуу, баралына жетүү, өсүп-өнүгүү жана бүгүнкү күндөгү өз алдынчалуу эгемен мамлекет болуу жолунда аны менен бир сызыкта, бир арыш-кадамда кошо жүрүп келе жатканын эч ким тана да, жок дей да албайт. Анткени, Кыргызстан десек “Кыргыз Туусун”, “Кыргыз Туусу” дегенде Кыргызстанды түшүнөбүз. Не дегенде, Кыргыз өлкөсүнүн саясий, экономикалык, социалдык, маданий турмушунда “Кыргыз Туусунун” аткарып-жүзөгө ашырып келе жаткан ролу баа жеткис. Азыркы күндө да “Кыргыз мамлекетинин №1 гезити” деген окурмандар тарабынан берилген эң кадырлуу, эң сыймыктуу атына татыктуу болуп, ошол 90 жылдан берки туу туткан жолунан кылдай да кыйшайбай, оош-кыйыш замандарда да оң-солго ары-бери урунуп-беринбей бир калыпта, түз жолунда өлкөнүн кызыкчылыгына ак кызмат кылуу вазийпасын өтөп келет. Анан ушундай санжыралуу, өтө күчтүү төл гезитте иштөө, анын кылымга тете тарыхында аз да болсо өз изиңди калтыруу бактысы бардык эле адамдарга туш келе бербестигин айтпай кетүүгө да болбойт.
Ал кезде “Советтик Кыргызстан” деген аталышта атагы таш жарып, бүткүл Кыргызстанга дүңгүрөп турган чагында 1979-жылдын 9-январында пропаганда жана агитация бөлүмүнө кабарчы болуп орноштум. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүнүн 5-курсунда окуп жаткан кез эле. Дипломдук ишимди Темиркул Үмөталиевдин чыгармачылыгы боюнча жазып жаткам. Күндүзү редакцияда иштеп, кечкисин китепканада олтуруп, дипломдук ишимди жазып жүргөн күндөрүм көз алдымда дагы деле элестеп турат. Буга чейин “Советтик Кыргызстан”, “Ленинчил жаш”, “Кыргызстан пионери”, “Комсомольская правда” гезиттерине чоң, кичине кабарларым байма-бай чыгып турса, эми өзүм толук кандуу кызматкери-кабарчысы болуп, гезит чыгаруу түйшүгүнө биротоло баш-отум менен киришип кеттим. Албетте, “Жалгыз дарак токой болбойт” дегендей журналисттик түйшүктүү кесиптин оң-сол сырларын жана кырларын өздөштүрүп, бара-бара такшалып, тажрыйба топтоп, кесиптик жактан өсүү жолумда бирге иштешкен ага, эжелердин баа жеткис эмгегин эч убакта чийип сала албаймын. Ошол жылдары “Советтик Кыргызстандын” башкы редактору Турсунов Жаныбек Жумалиевич жамааттын курамын жашартуу, жаштар менен толуктоо багытына катуу киришип калган учур экен. Ошондо КМУнун кайрадан ачылып, биринчи бүтүрүүчүсү боло турган биздин курстан жаш кадрларды издеп жаткандыгын жооптуу катчы Түркмөнов Ажымукан агайыбыз бизге берген практикалык сабактары учурунда кулагыңарга күмүш сырга деп эскертип айтып калчу. 3-4-курстардагы практикамды ушул гезитте өткөрүп, секретариатка, корректорлорго жардамдашып, жамаатка аралашып да калган элем. Ошондуктанбы, бир күнү Турсунов келип кетсин деп жатат дегенинен кабыл алуу бөлмөсүнө келип турдум. А кишинин сүрү өтө күчтүү болчу. Кабинетинен чыгып, коридордо басып баратканда бейчеки баскан бир дагы адам болбой, бардыгы тең жым-жым бөлмөлөрүнө шак кирип кетчү. Бул коллективдеги тартиптин темирдей катуу экендигин билгизчү. Бакшы редактордун кабинетине сүзүп качырып кирүү деген өңгө эмес, түшкө да кирчү эмес. Ошол себептүү, мени А.Түркмөнов агай өзү ээрчитип кирди.
-Сени ишке алалы деп жатабыз, макулсуңбу?-деп өкүм үнү менен дароо сурады.
-Окуум да бүтө элек. Дипломдук иш да жазып жаттым эле,-дедим, үнүм да мукактанып араң чыгып, бир жагынан өтө катуу сүрдөп да кеттим.
-Иштеп да, жазып да бүткөрөсүң. Бара бер, бүгүнтөдөн тартып ишти баштасын, буйрукту даярдаңыз,-деди.
Ошентип, биринчи бүтүрүүчүлөрдүн ичинен биринчи болуп “Советтик Кыргызстанга” ишке орноштум. Дагы жакшы окуган, тың, партияга мүчө курсташтарың барбы, аларды да бизге тарталы деп Жаныбек Жумалиевич мага айтып жүрдү. Анан мен аты-жөндөрүн айтып, аларды өзү чакыртып алып, сүйлөшүп жүрүп Нурушев Эсенбай, Султанбаев Абдыкадыр, Абдиев Карыбек, Имамадиев Бактыбек, Ысыкжанова Анара катарыбызга кошулушту, кийинчерээк Матисаков Абдиламит да келди. Айтор, ушинтип эки – улуу жана жаш муундардын өкүлдөрү эриш-аркактыкта камырдай жуурулушуп чогуу иштешип калдык. Биз, жаш калемгерлер улуу ага-эжелерибизден материал жазуунун, окурмандар менен иштешүүнүн, төртүнчү бийликтин күчүн жана сырын кабылдадык, үйрөндүк, жетилдик. Жамаатта жаштар көбөйгөндүктөн биринчи жолу баштапкы комсомол уюмун уюштуруп, ага мени жетекчи кылышты. Жаштар менен биргеликте даңазалуу майрам күндөрү концерт, кызыктуу оюндардын иш-чарасын өткөрүп, жетекчиликтин, жамааттын алкышын алып жүрдүк. Бул коомдук иш чыгармачылыкка да, андан ары карай такшалып өсүүгө да түрткү берди. Эки жылдан кийин партиянын мүчөлүгүнө кандидат болуп, анан мүчөлүгүнө өтүп, эки жылдай редакциянын баштапкы партиялык уюмунун катчысынын орун басары болуп жүрдүм. 1984-жылы баштапкы партиялык уюмдун катчысы кылып шайлашты.
Кыскасы, журналист катары калыптануумдун биринчи мектеби – “Советтик Кыргызстан” гезити деп эсептейм жана ушул күнгө чейин өзүмдү анын бир бөлүкчөсү катары кабылдап, өзүмдү ага таандык кылып келем. Чынында ушул жерден агардым-көгөрдүм, адам болдум, көздөгөн ой-тилек, максаттарыма жеттим, үйлүү болдум, “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамын (1996) алдым. Эсептеп көрсөм 16 жылым ушул коллективдин кучагында өтүптүр. Гезиттин ысыгына күйүп, суугуна тоңгон күндөр өтүп кеткенден кийин бир көз ирмемдей болуп тарых барактарында артта кала берет экен. Гезитти гезит кылган, анын атагын чыгаргандар биринчи иретте анын жамааты, экинчиси – окурмандары. Жаныбек Жумалиевич жетектеп турганда гезиттин тиражы биринчи жолу рекорддук санга – 180 миңге чейин жетти. Анткени, ал кезде сын материалдарга өзгөчө басым жасалчу. “Советтик Кыргызстанга” сындалып чыккан партиялык жана советтик жетекчи кызматкерлер сөзсүз жазасын алчу, жыйынтык чыкчу. Ошол үчүн “Советтик Кыргызстандын” кабарчысы келиптир дегенде район жетекчилери дүрбөп калышчу, барам деген жерге чейин жеткиришчү, ийгиликтерин көрсөтүп, кемчиликтерин жашырып калууга аракет кылышчу. “Советтик Кыргызстандын” ар бир сөзү текке кетчү эмес. Мисалы, Түп районундагы “Живпром” боюнча жазылган материал республикага кандай гана дүрбөлөң салды дейсиң. А мындай материалдар аз болсо да, саз болуп чыкчу. Партиянын Борбордук Комитетинин бюросунда каралчу. Жапар Саатов агай экөөбүз биргелешип жазган “Аш көп болсо, каада көп” деген материалыбыз да БКнын бюросунда каралып, бардык партиялык уюмдарда каралып, чоң талкууга башат салганы да эсимде. Айтор, фельетон жанрынын гүлдөгөн маалы эле. М.Абакиров, Ж.Саатов, К.Раматов, А.Султанбаев каттардын издери менен иликтеп барышып, илинчектери барларын калемдерине шишкебек кылып сайып келишчү, фельетондорду, сын кабарларды аргументтүү, негиздүү кылып жазышып, текшерүүдө баары аныкталчу. Албетте, мындай баатыр калемгерликтин артында опол тоодой болуп коргоп турган Жаныбек Жумалиевичтин БКнын мүчөсү катары күчү жана сүрү турар эле.
Демек, гезиттин күчү – анын жамаатынын өзүндө деп билүү абзел. Улуу муундагылардын да эмгегин сызып салууга болбойт. Алар жаштар үчүн бир жагынан үлгү, экинчи жагынан акыл кошкон, үйрөткөн чыныгы чыгаан насаатчылар. Ошол кезде бөлүм башчым Өкүмбек Жоробеков экөөбүз ата-баладай болуп аябай ысык иштештик. Билбегенимди билгизди. Котормонун ой-кырлары боюнча а кишиден көп сабак алдым. Адамгерчиликтин, маданияттуулуктун бийик сапатынын эталону деп билчүмүн, ал адамдар, окурмандар менен мамиле түзүп, иштеше билүүнүн ыкмаларын, жолдорун көрсөттү. Азыр да бул агайымдын эмгегин эч унутпайм. Ошол кезде “Советтик Кыргызстанды” таанытып турган И.Исаев, К.Исаев, А.Жунушалиев, Б.Байбеков, М.Гафаров, Б.Молдоисаев, А.Алыкулов, Т.Мамытов, С.Бегалиева, Н.Жаркынбаева, Б.Карабаев, Т.Өмүралиев, Т.Насирдинов, А.Жунушов, А.Усуев, Т.Өскөнов, Ж.Саатов, К.Мурзаев, А.Өмүрканов, Т.Мүлкүбатов, Б.Бөрүбаев, К.Укаев, С.Абышкаев, А.Бейшеев, Б.Алыкулов, Т.Айдаркулова, Ш.Орозалиева, Ш.Калыкова, У.Тулөбердиева, М.Абдыжусупова, А.Капаров, А.Усубакунов, С.Абдылдаев, Ж.Кочкорбаева, Ш.Сартов, М.Айтакунов сыяктуу улуу муундагы калемдеш, кесиптеш ага, эжелеримдин эмгектери эч убакта унутулууга тийиш эмес, буларсыз “Кыргыз Туусунун” 90 жылдык тарыхынын бир тузу кем болуп калаары бышык. Анткени, өткөнгө татыктуу баа берүү менен жаңынын жолу андан ары ырааттуу өнүгөт эмеспи. Ошондуктан, “Кыргыз Туусунун” бир салты – улуу муундагыларды урматтап-сыйлап туруусу мага абдан жагат. Улуулардын улуу салтын бапестөөнү Ж.Турсуновдон кийин келишкен башкы редакторлор Т.Ишемкулов, А.Матисаков (эки ирет редактор болду), К.Раматов, Б.Орунбеков (эки ирет редактор болду), К.Молдокасымов, Ж.Саалаев (эки жолу редактор болду) да андан ары улап кетишти. Ушул жерде сөз кезеги келгенде айта кетээрим, “Кыргыз Туусу” өз уясынан өзүнө да, “Эркин Тоого” да башкы редакторлорду таптап учуруп-чыгарган өзүнчө бир мөмөлүү дарактай болду десем болот. Алар – А.Матисаков, К.Раматов, Э.Калдаров, Т.Темиров, Ж.Саалаев. Жедигер Саалаев университетти бүтүрүп келгенде адегенде мен жетектеген пропаганда жана агитация бөлүмүнө кабарчы болуп кирди. Ал да өзүн мыкты жагынан көрсөткөндүктөн комсомол уюмун жетектөөнү ага өткөрүп бердим. Ошол кезде эле мыкты акын катары төбөсү көрүнө баштаган. Мына азыр өзүнүн тушоосун кескен гезитинин 90 жылдык мааракесин уюштуруу, өткөрүү вазийпасы кайрадан өзүнө туш келип олтурат. Бул дагы журналисттик кесиптин бактылуу бир учуру десек болот. Мындай мааракелик тарыхый учур бардык эле редакторлордун бактысына туш келе бербейт эмеспи.
“Кыргыз Туусу” гезитин өзүмдүн үйүм, өлөң төшөгүм деп билем. Өмүр жолумдун унутулгус, кайра кайталангыс жылдары, издери ушул гезитте калды. Өзүмдү “Советтик Кыргызстандын” (“Кыргыз Туусунун”) шинелинен чыкканбыз, андан өнүм алып, өсүп чыкканбыз деп эсептейм. “Бир жолу даам таткан жериңе миң жолу салам айт”, “Ичкен кудугуңа түкүрбө” дегендей “Кыргыз Туусунун” чачпагын өмүр бою көтөрүп, ал жерде мен да иштеп кеткем деп даңазалап-даңктап, сыймыктанып, унутпай келем. Ушул гезитте кабарчы, улук кабарчы, бөлүм башчы, башкы редактордун орун басары болуп иштеп, аз да болсо гезиттин тарых таржымалына салым кошконума өзүмдү эң эле бактылуу катары сезем. Ушул гезиттен көтөрүлүп, “Эркин Тоо” гезитинде алты жыл башкы редактор болуп эмгектендим, азыр да ошол жерде эмгек өтөп келем. “Ааламга кеткен жол айылдан башталат” демекчи, менин да кызыктуу журналистика дүйнөсүнө алып барган жолум “Советтик Кыргызстан” – “Кыргыз Туусунан” башталып, кесиптик жана турмуштук көп-көп ийгиликтерге, кубанычтарга жеткирип олтурат. Ошондуктан, 90 жылдык мааракең кут болсун, бүткүл кыргызстандыктардын жалпы улуттук төл гезити болуп аты тарыхта алтын тамгалар менен жазылып калган “Кыргыз Туусу”!

Таалайбек Темиров, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери