“Пандж Шер” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Таалайбек Айдаралиев: “Тоо байлыгынын баркына жетели”
Аталган ишкана – ата мекендик өндүрүштүн алгачкы карлыгачтарынын бири. Кыргыздын мекенчил уулу, белгилүү коомдук ишмер, маркум Мухтар Өмүракуновдун демилгеси менен 2008-жылы негизделген. Союз ыдырап, кулап, кечээги күркүрөп иштеген завод, фабрикалар баш болгон өндүрүштүк ишканалар тонолуп, баштагыдай эмгек ыргагы көздөн учуп калган катаал мезгилде, эрдик менен мына ушул ата мекендик өндүрүштүн тушоосун кесишкен. Кайран мекенчил, ишкер жигиттин көзү өтсө да, артында калган эмгеги текке кетпей уланууда. Башынан бирге иштешкен, учурунда нечен долбоорлорду бирге ачууну максат кылышкан азаматтардын бири Таалайбек Байсулдаевич ысыгы менен суугуна кайыл боло ишкананы өргө сүрөдү. “Эр жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” деген сөздүн төгүнү жок. Таалайбек Байсулдаевич финансисттик алгачкы кесиби менен эле чектелип калбастан, эл аралык бизнес боюнча да адистиктин ээси.
Россияда иштеп, коомдук уюмдарды, диаспораларды түзүштү. “ТКБ групп”, “Арча консальт групп”, “Кыргыз инвест групп” ишканаларын жетектеди. 3 уулдун ардактуу атасы. Келинчеги Мирзат университетте иштейт. Эмгеги, иш чыйырына тиешелүү бир топ министрликтердин, ишканалардын, Нарын облусунун Ардак грамота, мактоо баракчаларына татыган.
-Таалайбек Байсулдаевич, ишкананын тарыхынан азыноолак кабар берип кетсеңиз. Жоктон бар кылуу машакаты оңой эмес…
– Баарыбызга беш колдой белгилүү болгондой өлкөбүздү отун-суу менен камсыз кылуу кырдаалы курчуп турган мезгилди элестетип көрөлү. Карапайым калк кычыраган кыш чилдеде жагарга жарым тоголок көмүрү жок, аргасыздан балта-чотун камдап бак-дарак, токойлорду бутап, кесип жибербедиби? А бир кезде “Кыргызстан Орто Азиянын кочегары” деп аталган эмес беле?!
Тилекке каршы, кара алтынды казуу өндүрүшү өксүп, коңшу Казакстандан көмүр ташып келе баштадык. Баасы кымбат, сапатсыз. Мына ушундай кырдаал биздин атуулдук ар-намысыбызды ойготту. “Эмне үчүн өзүбүздө кара алтындын кенчи жатса, башка өлкөлөргө көз каранды болобуз?” деген мекенчилдик дем, кайрат күч менен жаңы ишкананы ачууга бел байладык. Албетте, оңой болбоду. Чалгындоо иштерин каржылоо түйшүгүн таман-акы маңдай терибиз менен жеңүүгө туура келди. “Аракет кылсаң – берекет” демекчи, мээнетибиз текке кетпеди. Кыйынчылыктар артта калды, койгон максаттарыбыз иш жүзүнө аша баштады. Алдыңкы бирден-бир ата мекендик өндүрүштүк ишканага айландык.
Учурда ишканада 80ден ашык жумушчу эмгектенет. Мындан тышкары, орто эсеп менен 200дөн ашык айдоочулар кызматташат. Ар бир аймакта базалар бар. Жалпысынан, 500дөн ашык жумуш орду пайда болду. Эмгек акы өз маалында төлөнөт. Тоо койнунда жумуштун оордугун сездирбөө үчүн бардык шарт түзүлгөн, зарыл азык-түлүк, тамак-аш менен камсыздалган. Заманбап техникалар менен казуу, жүктөө ж.б. бардык кыймылдар жасалат. Чет өлкөлөрдү кыдырып, техникаларды өз көзүм менен көрүп, сапаттуулугуна айрыкча басым жасап, Түштүк Корея менен Кытай өлкөлөрүнөн алып келгенбиз. Жыйырмадан ашык экскаватор, бульдозер баш болгон заманбап техникалар тоо койнунда күркүрөп иштеп, күчүн берип жатат.
– Өткөн жылдарга салыштырмалуу быйыл кара алтын казуу ишканаларында арымдуу жылыштар жанданды. Сиздерге кандай таасир калтырды?
– Бардык олуттуу оң иштер жетекчилердин ишмердигине жараша болот окшобойбу? Өкмөт башчыбыз Жоомарт Оторбаев ата мекендик көмүр кенин иштетүүчүлөргө айрыкча көңүл буруу керектигине катуу талап коюп, жергиликтүү ишкерлерге жол ачып берди. Энергетика жана өнөр жай, экономика министрликтери, бардык бизге тиешеси бар мекемелер да Өкмөттүн бул багытын жоопкерчилик менен жетекке алышты. Биз ишкерлер Өкмөт башчы баштап берген мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга бардык аракетибизди жумшадык.
Быйыл кышка даярдык уюшкандыкта өтүп жатты. Нарын облусунун Нарын, Ак-Талаа, Кочкор, Ат-Башы райондорун, Жумгал районунун айрым айыл аймактарын таш көмүр менен камсыз кылдык. Мисалы, борборубуздагы “ТЭЦ” ишканасына быйыл 90 миң тонна көмүр ташыдык. Борборубуздун тегерек четинде орун алган бардык жаңы конуштардын жашоочуларын тейледик. Тийиштүү бардык район, шаарларга көмүр сатуучу базаларды уюштурдук.
Өкмөт жетекчилигинин туура багыты үзүрүн берди. Кыштан камдуу жана жылуу чыктык. Эң башкысы, башка өлкөлөрдөн келген сапатсыз көмүр отундарына кор болбодук. Эл өзүбүздөн сатып алып, киреше өз казынабызга түштү.
– Ата мекендик өндүрүш ишканаларынын ичинен “Жылдын мыкты салык төлөөчү” сыйлыгын жеңип алдыңыздар? Алдыда дагы кандай максаттарыңыздар бар?
– Республика боюнча алганда саналуу ишканалардын туу башында төлөнгөн салыктын өлчөмү боюнча алдыңкы орунга чыктык. Ар бир ишкана биз сымал салыктарды өз маалында төлөп турса, элдин пенсия, жөлөкпул жана маяналары жогоруламак. Бул ийгиликтер өзүнөн өзү жаралган жок. Арабызда башкы механик Талант Ашымов, өндүрүш боюнча директору Сыдык Кунатов, Балыкчы топ базасынын башчысы Сагын Кудайбергенов, башкы эсепчи Эсенбек Курманбековго окшогон ишинен баар да, барк тапкандар арбын. Эмгек алдыңкылары менен сыймыктанабыз. Ал эми алдыда максаттарыбыз көп. Араб, Түркия, Кытай, россиялык инвесторлор менен тыгыз кызматташып, өндүрүш көлөмүн сапат жагынан өргө сүрөсөк деген ак ниетибиз бар. Биздин негизги максат – эл-журтту көмүр менен эле камсыз кылуу эмес. Ошол эле мезгилде кайрымдуулук иш-чараларына көмөк көрсөтүү болуп саналат. Айталык, жарды, турмушу начар үй-бүлөлөргө бекер көмүр таратып беребиз. Мындан тышкары, жаш спортсмендерди өстүрүү максатында спорттук мелдештерге демөөрчүлүк көрсөтөбүз. Мындай саамалыктар дагы уланмакчы. Инвесторлор менен болгон байланышыбыз чыңдала берет. Көкүрөктө уялаган көп максаттарыбыз бар. Өлкөнүн экономикасын чыңдоодо ата мекендик өндүрүш ишканаларынын салымы зор болот. Айтайын дегеним, жергиликтүү ишкерлерди ар тартаптан колдоо абадай зарыл. Эркиндик менен бирге жоопкерчилик эриш-аркак жүргөндө гана кайтарымы мол болот. Жүйөсүз текшерүүлөр кээде жүдөтүп жиберет. Ушундай кемчиликтер четтетилсе, жакшы болмок. “Кара-Кече – Балыкчы” жаңы темир жолу курулса дегенде эки көзүбүз төрт. Инвесторлорду тартуу үчүн биринчиден эл ынтымагы, биримдиги чоң роль ойнойт. Андыктан, ар бирибиз биримдикти туу тутууга милдеттүүбүз. А биз, өндүрүшчүлөр жакшы иштеп, өлкөнүн экономикасын ар тараптан чыңдоого салым кошо бермекчибиз. Мындан артык максат болбос.
Айчүрөк Макешова
Комментарий кошуу