Безымянный-1

Алмазбек Бейшеналиев дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө болуп, дүйнөдө эң белгилүү “Гарвард” университетинен билим алып келген. Учурда, Ататүрк Ала-Тоо университетинин илимий иштер жана тышкы байланыштар боюнча проректору.

“Гарвард” окуу жайына алгачкы кадамым айылдан башталган. Океандын ары жагына өткөнгө чейинки аралыкта болгон аракет, эмгегимди билим алууга жумшадым, башкы максаттарымдын бири чет тилдерин өздөштүрүү болгон. Нарын мамлекеттик университетинде үч жыл окуп, окуу жайдан, 21 кылымдын кадрлары аттуу программа аркылуу Германияга которулдум. Германиядан педогогика жана филология эки бөлүмдү аяктадым. Магистратурамды дагы Германиядан жактап, андан кийин Кыргызстанга келгем. Кыргызстанда жаш ишкерлер ассосаиясынын алгачкы түзүүчүлөрдүн катарындамын. Ассоциацияда төрт жыл иштеп, И. Арабаев атындагы университеттен, кандидаттык ишимди жактап, Польшанын, Варшава шаарындагы Вистула эл аралык университетинде проректор болуп иш алып бардым. Андан кийин АКШнын Жонс Хопкинс университетинде билим алып, ошол университетте конок профессор катары 1,5 жыл студенттерге сабак бердим. Жонс Хопкинс окуу жайы дүйнөдө эң алдыңкы университеттердин бири болуп саналат. Аталган окуу жай педогогика жана медицина багытында студенттерге билим беришет. Жонс Хопкинс университетинде илимий изилдөөлөрүм боюнча “Орто – Азиядагы билим тармагынын эгемендүүлүктөн бул күнгө чейинки өзгөрүүлөрү” – деген темада диссертациямды жактадым. Докторлук ишимден кийинки эле кошумча жактоо ишим болду. Ошол жерде окуп жатканда квалификациямды жогорулатуу боюнча Гарвард университетине окууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Билим алып, эми минтип мекениме кайттым.

-Эл аралык масштабтагы окуу жайлар билим берүүдө эмнеге өзгөчө көңүл бурат?

 -Эл аралык окуу жайларда максат жана талап ачык, анык коюлган. Европада студент жок дегенде 1 жыл башка өлкөдө окуп келиши керек. Кыргызстанда университеттерде илимий изилдөө да жүргүзүлөт, аны менен катар билим да берилет. Европа өлкөлөрүндө болсо бир университет илим жүргүзөт, экинчиси билим берүүчү университет деп, максатына так басым коюлган. Биздегидей эле эки компонент тең бар, бирок анык багыттары так белгиленгендиги менен айырмаланат. Четте билим берүүгө толук негиздүүлүк бар, техникалык шарттарын айтпасак да маалым. Бирок, бизде умтулуу абдан күч. Университеттерибиз колдорунан келген аракеттерин кылып жатышат. Азыркы тапта Кыргызстанда билим берүү тармагы, эл аралык тажрыйба алмашуу жагы жакшы жүрүп жаткандыгы, биздин балдардын четтен билим алуусуна мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жатканы байкалат.

-Кыргызстанга келгениңизге беш айдын жүзү болуптур, биздин студенттерден эмнени байкай алдыңыз?
– Билим өмүр бою сени коштоп жүрө турган байлык. Жуунганда сени менен жуулуп кетип калбайт. Биздин студенттерибизде билим алайын деген принцип абдан жогору. Балдардын арасында ар кандай шартта жашашкан бүлөлөрдүн балдары бар. Мисалы, кээ бир жаштарга үй, унаа, компьютер жана башка керектөөлөр жетиштүү. Ал эми айрым балдарда болсо, айылдан келишип, эптеп акча чогултуп үй, унаа алсам деген умтулуулары менен айырмаланат десем болот. Бирок биздин балдар четке чыгышканда, бир гана билим алууну көздөшпөйт, шартымды жакшыртып алсам деген максат бар, умтулуу күч. Бул нерсенин арты ыңгайлуу жашоо болуп саналат. Европада да айрым бир терс көрүнүштөр орун алган. Ал жакта да муздак адамдар бар. Бир үйдө жашап, бирок бирге чай ичишпегендерди кездештирүүгө болот.

-Бизде билим берүү системасында, Болон процесси деген түшүнүк кирди, бул нерсенин арты менен кандай өзгөрүүлөр болушу керек деп ойлойсуз?

1999-жылы 19-июнда Европадагы 29 өлкөнүн Билим берүү министрлери Болонья Декларациясына кол коюшкан. Тартиптүү, чечкиндүү, адилет жана демократ коомдун структурасын кубаттандыруу, бекемдөө үчүн билим берүүдө кызматташтыктын маанисине бардыгы бирдей макул болуп, кол коюлган. Бул нерсе дүйнөлүк стандарттарды иреттөө үчүн түзүлгөн түшүнүк. Болондук системага кирүүнүн пайдалуу жактары абдан көп. Биздин мектептерде окуучулар 11 жылдык билим алышат, ал эми батыштын билим өнүккөн жерлеринде 12 жылдык окуу киргизилген. Жогорку окуу жайларга кабыл алууда атайын даярдоо курсунан өтүшөт. Дүйнөдө өнүгүү тенденцисы алдыга жылган сайын, биз дагы ал кадамдан артта калып отура бергенибиз туура эмес. Бүгүн көп нерселер ааламдашуу процессине байланыштуу болууда. Студенттер менен мугалимдер мобилдүү болушу керек, университтер жаңыланышы абзел.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА