ЖК Төрагасы Асылбек Жээнбеков: “Шалоо жөнүндөгү мыйзамдарды тез арада кабыл алуу зарыл”

Парламенттин бүгүнкү жалпы жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков шайлоо жөнүндө мыйзамдарды тез арада кабыл алуу зарылдыгын айтты. Ал март айынын ичинде шайлоо жөнүндөгү мыйзамдарды толук кабыл алып бүтүрүү керек деп эсептейт.
“Көп саясий күчтөр тарабынан шайлоого даярдык иштери жүрүп жатат. Ар кандай маселе жаралбашы үчүн шайлоо жөнүндөгү мыйзамдарды апрель ичинде даяр кылып беришибиз керек. Аларды кийин өзгөртпөгүдөй кылып, кылдат иштеп чыгуу зарыл”,- деди ал.
Динар Турдугулова

Комментарий кошуу