эгин1

Өкмөт, Айыл чарба министрлиги фермерлерди өздөрүнө тиешелүү айдоо аянттарына жашылча-жемиштерди жана беде, эспарцетти көбүрөөк эгүүгө үндөөнү көздөшүүдө. Себеби, Кыргызстандын Евразия экономикалык союзга (ЕАЭС) кирүүсү – буга чейин өлкөдө эгилген дан эгиндерин өндүрүүгө болгон зарылчылыкты төмөндөтүшү ыктымал.

Мүмкүн бул орундуу, өз учурунда айтылган ой-сунуштур. Анан калса, Кыргызстандын колхоз-совхоздору Совет мезгилинде деле негизинен коомдук малга тоют катары берилүүчү дан эгиндерин өстүрүп келген. Бирок, бул жерден калыстык үчүн айтуучу жагдай, бир катар чарбалар сапаттуу дан эгиндерин өстүрүп, жакшы түшүм алып келишкен. Анткен менен, алынган түшүм жалпы кыргыз элинин  керектөөсүнө жеткен эмес. Ушул себептен Кыргызстанга керектүү, сапаттуу дан эгиндери негизинен Орусиядан, Казакстандан алынып келинген.

Негизи эгемендүүлүктү алгандан бери айыл чарба тармагын дан эгиндери менен, арзан, сапаттуу үрөн уруктар, жер семирткичтер, техникалар менен жетиштүү санда жабдлбагандыктан, бул тармакта алгылыктуу ийгиликтерге жетише алган жокпуз. Ал эми Евразия экономикалык кызматташтыгына киргенден кийин калктын керектөөсүн толук канааттандыра албаган буудай, арпа эгүүнүн зарылчылыгы жок. Биз учур талабына ылайык өлкөнүн агрардык тармагын, б.а. дан эгиндерине караганда, жашылча жемиш, бакчачылык, беде, эспарцетке буруубуз керектигин баамдаган Өкмөт, Айыл чарба министрлиги быйылкы жылы алда канча сапаттуу, мол түшүм өстүргөн жашылчаны – 47,6 миң гектарга, картошка, бакчачылык жана жер-жемиш плантацияларын 1,2 миң гектарга, талаа ханышасы – жүгөрү өсүмдүгүн эгүүнү 92,1 гектардан, 96 миң гектарга чейин көбөйтүүгө ниеттенишүүдө.

Кубанычтуусу, жетекчилер – беде, эспарцет сыяктуу көп жылдык өсүмдүктөрдү колго алууну көздөшүүдө. Бул өсүмдүктөр биздин төрт түлүктүн негизги тоют базасы гана эмес, совет мезгилинде биздин республика бул өсүмдүктөрдүн уругун экспорттоо боюнча мыкты ийгиликтерге жетишкен. Бул кирешелүү агрардык тармак кайрадан жандандырылса Бажы биримдигиндеги биздин өнөктөштөр бул көп жылдык чөптүн уругун бизден чын ниеттен сатып алышмак. Мындан түшкөн каражаттары менен Өкмөттөн алган кредиттеринен тезирээк кутулушуп, үй-бүлө бюджеттерин да жакшыртып алышмак.

Кыскасы, бүгүнкү күндүн талабына ылайык өлкөнүн  айыл чарба тармагында иштешкен көптөгөн атуулдарыбыз буга чейинки көндүм айыл чарба өсүмдүктөрүнөн баш тартып, Евразия экономикалык кызматташтык боюнча өнөктөштөрүбүзгө керектүү, сапаттуу жашылча-жемиш, эт ж.б. өндүрүү боюнча Өкмөттүн, Айыл чарба министрлигинин демилгесин колдоого алаарында кеп жок. Себеби, биздин мээнеткеч дыйкандарыбыздын айыл чарбасынын бул маанилүү тармагында топтошкон бай тажрыйбалары өнөктөштөрүнүн суроо-талаптарын канааттандырууга толук мүмкүнчүлүк берет.
Бактыбек ИМАМАДИЕВ