61663
Жылытуу мезгили аяктагандан кийин, башкача айтканда, апрель айынан тартып инфляцияны эске алуу менен электр энергиясына тарифтер жаңы баа боюнча киргизилет. Бул туурасында чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүү боюнча республикалык жыйында Өкмөттүн аппаратынын отун энергетикалык-комплекси жана кен пайдалануу боюнча бөлүмүнүн башчысы Туратбек Джунушалиев билдирди.
Анын айтымында, турмуш-тиричилик керектөөсүнө электр энергиясын колдонгон абоненттер жакындатылган эсептөөлөр боюнча киловатт/саатына 84 тыйындан төлөшмөкчү.
“Башка өлкөлөргө салыштырмалуу бизде электр энергиясына болгон баа кыйла арзан. Анын үстүнө башка азыктарга баа өсүп жатат. Ошондуктан, энергиянын баасын да бир аз жогорулатууга мезгил келди деп ойлойм. Антпесек, электр энергиясынын наркы жалгыз көйгөйлүү, чечилбеген социалдык маселе болуп турат. Ал эми электр энергиясын өндүрүү жана жабдууларды кармап туруунун баасы убакыт өткөн сайын кымбаттап жатат”,- дейт ал.
Динар Турдугулова