Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер тестирлөөдөн өтүштү

 Бүгүн, 2015-жылдын 15-январында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьяларды окутуу Борборунда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын кызмат орундарына тиешелүү документтерин 2013-жылдын 7-октябрынан 11-ноябрына чейин тапшырган талапкерлер үчүн квалификациялык сынактын биринчи күнү өттү. Бүгүн түшкө чейин…
Толугу менен »

Маршруттук каттамдардын тейлөө кызматынын оңолчудай түрү жок

Таң эртеден кол көтөрүп, жол жээктеп турган жүргүнчүлөр микроавтобустарга киргенде ыңгайсыз абалга туш болушат. Биринчиден эле тазалыгы талапка жооп бербейт. Баары деп айтуудан алыспыз. Кыш мезгилине карабай, айрымдарынын печкасы чындыгында иштебейт. Ал эми элди болушунча…
Толугу менен »

Кант диабети жана ашыкча салмак оорулары коомдун көйгөйлүү маселеси

Соңку убактарда Кыргызстанда кант диабетине чалдыккан жарандардын катары барган сайын өсүп барат. Мындан 5-10 жыл мурда бул оору менен жабыркагандардын жаш курактары 40 жаштан өткөндөр болсо, бара-бара бул оору менен айрыкча, 18-25 жашка чейинки жаш…
Толугу менен »

Ысык-Көл облусунда өз баласын бычактаган эне кармалды

Ысык-Көл облусунда өз баласын бычактаган эне кармалды. Бул тууралуу аталган облустун Ички иштер башкармалыгынан бүгүн, 15-январда билдиришти. Маалыматка караганда, 12-январь күнү үй-бүлө ортосунда чыр чыгып, жабырлануучунун апасы ашкана бычагы менен аны сайып салган. Мунун кесепетинен…
Толугу менен »

“Эл ырчысы Эстебес” фольклордук тобунун жетекчилигине төкмө акын Аалы Туткучов дайындалды

Бүгүн, 15-январда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын Эстебес Турсуналиев атындагы “Эл ырчысы Эстебес” фольклордук тобунун жетекчилигине аталган топтун артисти, төкмө акын Аалы Туткучов дайындалды. Бул тууралуу Улуттук филармониянын көркөм жетекчиси Улан Зайнидин билдирди. Маалым болгондой, А.Туткучовду бул…
Толугу менен »

Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи 31-январга чейин жабылат

Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи 2015-жылдын 31-январына чейин жабылат. Музейден билдиришкендей, 15-январдан 31-январга чейин жабылышы жылытуу системасындагы аварияга байланыштуу. «Туруктуу экспозициялар жабылат, бирок убактылуу көргөзмөлөр келип кирип көрүүгө ачык болот. Музей саат 10:00дөн…
Толугу менен »

Өзбекстан мурдагы СССР сыяктуу биримдикке кирбейт жана совет доорундагыдай жашоого кайра кайтып барбайт”-дейт И.Каримов

Өзбекстандын президентинин төмөндөгүдөй билдирүүсүн РИА жарыялады. Анда:"Өзбекстан мурдагы СССР сыяктуу биримдикке кирбейт жана совет доорундагыдай жашоого кайра кайтып барбайт"-дейт И.Каримов. Бул билдирүү кайра шайланган парламенттин мыйзам чыгаруу палатасынын биринчи отурумунда сөз сүйлөп жатып айтылган. "Мамлекетти…
Толугу менен »

Жумгал районундагы хоккей аянтчасы кышкы оюндарга даярдалууда (фото)

  Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек  айылындагы эс алуу гүл багындагы хоккей аянтчасы кышкы хоккей оюндарына даярдалууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады. Муз аянтчасы мындан 2 жыл мурун ачылган, азыркы тапта мектеп окуучулары кышкы эс алууда…
Толугу менен »

Түркиялык «Систем Тып» Кыргызстанга лабораториялык жабдыкты алып келүүнү пландоодо

Кечээ, 14-январда КРнын саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев Түркиянын «Систем Тып» өкүлчүлүгүнүн башкы директору менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында алар тараптан («Систем Тып») диагностикалык кызматтар үчүн жабдыктар:…
Толугу менен »

Бажы биримдигине киребиз дегенден бери ар түрдүү ой-пикирлер жаралууда

            Бажы биримдигинин оң жана терс жактары Бажы союзу  Кыргызстандын катардагы керектөөчүлөр үчүн кандай оң, терс жактары бар деген өңдүү суроолорду туудурду. Бажы биримдигине киребиз дегенден бери,  өлкөдө ар түрдүү пикирлер…
Толугу менен »

Аймактарда жашылдандыруу иштерин жүргүзүүдө адистердин кеп-кеңеши зарыл

Бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында депутат Роза Акназарова ар жыл сайын республика аймагындагы жашылдандыруу иштерине байкоо салып келе жатканын билдирди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады. Анда ар бир айыл өкмөтү…
Толугу менен »

Нарын шаарынын аймагындагы Теңир-Тоо лыжа тебүү базасынан (фоторепортаж)

 Нарын шаарынын түштүк-батыш тарабында жайгашкан Ала-Мышык тоосундагы тоо лыжа базасына кыш мезгилинде ар жуманын жекшемби күндөрү 400гө чукул эс алуучу келишет. Мындай маалыматты тоо лыжа базанын машыктыруучусу Кубанычбек Дүйшөмбиев билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы. Анын…
Толугу менен »