роза1

Бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында депутат Роза Акназарова ар жыл сайын республика аймагындагы жашылдандыруу иштерине байкоо салып келе жатканын билдирди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.

Анда ар бир айыл өкмөтү жылына орто эсеп менен 3000ден ашуун көчөт отургузаары белгилүү болгон. Бирок, өнүп кеткендери аз. Буга көчөт отургузуунун эрежелери, жер шартына жараша иш алпаруу сындуу маселелер боюнча адистердин кеп-кеңештеринин жоктугу себеп болууда. “Андыктан, телеканалдар аркылуубу же башка маалымат каражаттары аркылуубу, элге кеп-кеңеш берилип турса”,- дейт депутат.