судья1

 Бүгүн, 2015-жылдын 15-январында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьяларды окутуу Борборунда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын кызмат орундарына тиешелүү документтерин 2013-жылдын 7-октябрынан 11-ноябрына чейин тапшырган талапкерлер үчүн квалификациялык сынактын биринчи күнү өттү.

Бүгүн түшкө чейин 18 талапкер катышып, анын ичинен 8 талапкер чектик упайдан жогору упай алышып (Бардыгы 100 суроо бар. Анын чектик упайы – 75нен кем эмес суроого жооп берүү зарыл. Бир суроо бир упайды түзөт), сынактан өтүштү. Калган 10 талапкер өтпөй калышты. Жалпысынан бүгүн 50 талапкер квалификациялык сынактан өтүшү пландалган, түшкө чейин 25 киши, түштөн кийин 25.

Графикке ылайык тестирлөө 15-январдан 20-январга чейин 4 күн өткөрүлөт. Баардыгы болуп 9 топ бекитилген. 221 талапкер документтерин тапшырышкан деп билдирди  Жогорку Соттун басма сөз кызматы.