Бажы биримдигине киребиз дегенден бери ар түрдүү ой-пикирлер жаралууда
Бажы биримдигинин оң жана терс жактары
Бажы союзу Кыргызстандын катардагы керектөөчүлөр үчүн кандай оң, терс жактары бар деген өңдүү суроолорду туудурду. Бажы биримдигине киребиз дегенден бери, өлкөдө ар түрдүү пикирлер жаралууда. Бардык нерсе кымбаттап, өлкөнүн эң чоң деп аталган Дордой жана Кара-Суу базарларына өзгөчө терс таасирин тийгизет деген аңыз кептер жүрүп жатат. Кыргызстан Бажы союзуна кошулса, мындан ары чет өлкөлөрдөн импорттолуучу товарлардын бардыгы кымбаттайт. Кымбаттоодон сырткары, Кыргызстан сырткы экономикалык байланыштарды өз алдынча жүргүзө албай калат деген сөздөр эл арасында айтылууда. Мисалы, Кытай менен Түркиядан келип жаткан кийим-кече, Америка Кошмо Штаты менен Япониядан, Европа өлкөлөрүнөн ташылып келүүчү унаалар, алыскы чет өлкөлөрдөн импорттолгон товарлардын бардыгы кымбаттайт. Айыл чарба техникасы жана жабдыктарды импорттоодо аларды чыгарып жаткан Орусия, Белоруссия жана Казакстан жогору баадагы бажы төлөмдөрүн дайындашат. Кытайдан келип жаткан арзан баадагы тракторлор жана башка техникалар болбойт деген имиштер бар. Бардык нерсенин оң жана терс жагы болгон сыяктуу Бажы союзуна кирүүнүн дагы эки жагы бар. Кымбаттоолорду эске албаганда, биринчиден, Орусия менен Казакстан рынокторуна биздин экспорт үчүн ачыктык жаралат. Экинчиден, Орусиядан келген нефтинин кайра иштетүү продуктулары бажы төлөмүсүз болот.
Экспорт, импорт үчүн бажы бекеттери ачык
Эксперттердин айтымына караганда, алтын жана пайдалуу кен байлыктар тармактарында эч кандай пайда жок, көбүрөөк зыяны бар, анткени бул тармактар кымбатыраак товарларды Бажы союзунун ичинен сатып алышат деп айтышууда. Туристтик чөйрөнү ала турган болсок, Казакстан менен Орусиядан келген меймандар үчүн Кыргызстандан арзан баада соода-сатык жасап алуу артыкчылыктары жоголуп, ал эми туризмдин операторлору үчүн кымбатыраак товарларды алууга аргасыз болушат. Бажы биримдигинин талаптары башка мамлекеттердин талаптарына шайкеш келет. Бизде өндүрүлүп жаткан азык-түлүк, ар кандай товарлар эл аралык нормага жооп бере турган болсо, анда биз өзүбүздүн товарларыбызды Орусия, Казакстандан башка Кытайга жана башка мамлекеттерге сапаты жагынан мүмкүнчүлүк алабыз. Бажы биримдигине киргенде элдин жашоосу оңолуп жыргап кетпейт деген дагы сөздөр бар. Бир топ убакытка чейин ишкерлер бизнесин жоготуусу мүмкүн. Бирок, айрым тармактарыбыз жанданып өнүгүүгө шарт түзүлөт. Биримдикке киргенде биринчи кезекте дыйкандар менен фермерлерде утуш болот. Жеңил өнөр жай, тигүү багыты, кайра иштетүү багытында иштеп жаткандар утат. Оор өнөр жайы да алдыга жылып өнүгөт. Мисалга ала турган болсок, Майлуу-Сууда 3000ге жакын адамдарды жумуш менен камсыз кылып иштеп жаткан жаткан лампа чыгаруучу заводу товар өндүрүү жагынан өлкөдө биринчи орунда турат. Анын 50 пайыздан ашыгы Россия менен Казакстанга экспорттолот. Ал эми Токмокто жайгашкан айнек чыгаруучу завод дагы товарын ушул эле Россия менен Казакстанга экспорттойт. Биздин мамлекетибиз кен байлыктарга, баалуу таштарга бай. Анын ичинен мрамор сыяктуу баалуу таштар Казакстанга бүгүнкү күнгө чейин экспорттолууда. Учурда эң негизги керектелүүчү продукция бул күйүүчү-майлоочу майлар. Бажы союзуна киргенден кийин бул продукция Орусиядан үзгүлтүккө учурабай бажы төлөмү жок келип турары айтылууда. Премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин айтымында, Бажы союзунун бизге берген пайдасы бул өлкөдө жаңы завод – фабрикалар курулуп, жумушчу орундар пайда болот. Мунун аркасы менен айлык акылар жогорулап, өлкөгө инвестиция көбүрөөк тартылып, салык мурдагыдан көп чогулат. Ошону менен бирге дагы бир пайдалуу жагы бажы курамынын ичине кирген өлкөнүн жарандары үчүн эркин соода, бизнес кылуу мүмкүнчүлүктөрү түзүлүп, бажы бекеттеринен өтүүдө кыйынчылык жаралбайт дешет.
Тигүү тармагы жылдан-жылга өсүүдө
Кыргызстанда жеңил өнөр жай тармактарынын ичинен тигүүчүлүк тармагы тез өнүгүп, жыл өткөн сайын өсүүдө. Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда жалпысынан 941 тигүү ишканалары бар. Өлкө боюнча 158 миңден ашуун адам тигүү тармагында эмгектенет. Алсак, 2010-жылдын биринчи жарым жылдыгында эле тигүү ишканалары өндүргөн 63,8 млн. доллар өлчөмүндө товар башка өлкөлөргө экспорттолгон. Мурдагы жылдарга салыштырмалуу улам жыл өткөн сайын тигүү тармагындагы товарлардын экспортунун өсүү темпи 130 пайыздан ашты. Кыргызстанда тигүү цехтеринин көбү Бишкек шаарында жайгашкан. Тигүү ишканаларын кыдырып сураштыра келгенде кыргызстандык тигүүчүлөр тиге албай турган кийимдер дээрлик жокко эсе экендигин байкоого болот. Анткени, тигүүчүлөр кичинекей балдардын кийиминен тартып, чоң кишилердин кийимине чейин ишканаларда даярдай алышат. Суроо-талаптарга ылайык кийимдин үлгүсү алынып дароо тигиле баштайт. Кыргызстанда тигүү цехтеринин көбү Бишкекте жайгашкан. Борборубузда жайгашкан тигүү ишканасынын биринде аялдардын кийимин тигип жаткан Гүлнура Кемелбекованын айтымына караганда, буйрутма көп болгондо күнү-түнү иштеген учурлары болот. Эгерде иштөө темпи ушундай нукта жүрүп отурса, убакыттын өтүшү менен биздин өлкөдөн тигилген кийимдерге суроо-талап дагы көбөйүшү мүмкүн.
Айыл чарба өндүрүшү өнүгөт
Бажы биримдигине кирсек, башка мамлекеттерге товарларды сата албай калабыз деген да түшүнүктөр болууда. Бажы союзунун эң негизги максаты – мүчө болгон мамлекеттердин ички өндүрүшчүлөрүнө ыңгайлуу шарт түзүлөт. Кыргызстан эгемен өлкө болгондон тартып эле, дыйкандар өндүргөн азык-түлүк анын ичинде буудай, арпа, картошка, алма, фасоль, өрүк сыяктуу жашылча жемиштерди сатуу жагынан кыйынчылык болуп келген. Бажы союзу дыйкандарга оң жактарын көрсөтүүсү күтүлүүдө. Эми мындан ары дыйкандар өндүрүшүн өздөрү каалаган жакка сатууга укуктуу. Учурда сыртка бизден саналуу эле товарлар чыгып келет. Ошондуктан, өндүрүштү кайра жандандырып малдын санын көбөйтүп, буудай, картошка айдоонун жолдорун жөнгө салуубуз зарыл. Биринчи вице-премьер министр Т.Сарпашевдин айтымында, Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кийин айыл чарба продукцияларын кайра иштетип өнүктүрүү үчүн жакшы пайдалуу мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Анын билдиргенине караганда, жергебиздеги 1980-жылдары жакшы өнүккөн күнөскана (теплица) чарбачылыгын жандандырып, сапатын жогорку деңгээлде чыгарууну ойлонуштурууда.
Айнура ШАЙКЕЕВА
Комментарий кошуу