“Эл ырчысы Эстебес” фольклордук тобунун жетекчилигине төкмө акын Аалы Туткучов дайындалды
Маалым болгондой, А.Туткучовду бул кызматка топтун мурунку жетекчиси, Кыргыз Эл артисти Нуржамал Табалдиеванын жана бүтүндөй жамааттын бир добуштан макулдугу менен Кыргыз улуттук филармониясынын башкы директору, Кыргыз Эл артисти Кыргызбай Осмонов дайындады.
А.Туткучов 1983-жылы 9-декабрда Талас облусунун Манас районундагы Арал айылында туулган. 2002-2007-жылдары Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун фольклордук бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2006-2015-жылдары “Эл ырчысы Эстебес” фольклордук тобунда эмгектенип келет.
Булак: super.kg
Комментарий кошуу