Кагошима япон префектурасында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды, – Тышкы иштер министрлиги (фото)
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Япониядагы элчиси Р.Молдогазиев «Мидзусако Чикусан» компаниясынын башчысы Масахар Мидзусакого КРнын Тышкы иштер министрлигинин консулдук патентин тапшырып, аны Кагошима префектурасынын губернатору Юичиро Итого жаңы кызматында көрсөттү.
Маалым болгондой, Кагошима, Миядзаки жана Окинава префектураларындагы мал фермаларынын ээси М.Мидзусако 2012-жылы санаалаштары менен бирге «Кыргызстан-Кагошима» ассоциациясын түзүп, күн чыгыш элинин арасында кыргыз маданиятын жана турмушун пропагандалоо максатында 4 га жакын жерин кыргыз этно-маданий айылын түзүүгө бөлүп берген.
Жакынкы арада М.Мидзусако Кыргызстандын жаш малчыларын өз фермаларында тажрыйбадан өткөрүүнү пландоодо. Аны менен катар, дүйнөгө «мрамор эти» менен белгилүү болгон япон букаларын өстүрүүнү үйрөтүүнү максат кылууда. Ал эми, 2013-жылы Япония менен Кыргызстандын достугуна арналган «энка» деп аталган япон стилинде романтикалуу ырдын жаралышын демилгелеген. Бул ыр Кыргызстандын тургундарына япон ырчысы Рё Мита тарабынан 2013-жылы Бишкекте Эгемендүүлүк күнүндө тааныштырылган.
Сүрөттө (солдон оңго) КРнын элчиси Р.Молдогазиев, Кагошима префектурасынын губернатору Ю.Ито, КРнын ардактуу консулу М.Мидзусако.
![]()
Кыргыз этно-маданий айылын түзүү үчүн жер
![]()

Комментарий кошуу