прест

 Баткен облусунун Кадамжай районунун Доочар айылында 21-январда чек арачылар Кыргызстандын 4 жаранын кармашкан. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынын ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, кармалган жарандар мамлекеттик чек ара аркылуу контрабандалык жүктү мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылышкан. Алар Кыргызстандан Өзбекстанга жалпы суммасы 360 000 сомду түзгөн товарларды (окорочка, кездеме, электрондук эсептегичтер) алып өтүүгө аракет кылышкан.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалгандар контрабандалык жүк менен бирге КР Мамлекеттик Бажы кызматынын аймактык башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Булак: Турмуш