энергия

Быйылкы жылы өлкөбүздө электр энергияга карата болуп жаткан каатчылык элибизди көп нерселерге үйрөтө турган болуп калды. Себеби, Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү аз болгондугуна байланыштуу өлкөбүздө электр энергияны өндүрүүнүн көрсөткүчү төмөн түшүп кетти. Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маалыматына таянсак, 2015-жылга карата 2 млрд. кВт/с электр энергия жетишпейт. Муну жабыш үчүн коңшу Казакстандан 1 млрд. 400 млн. кВт/с электр энергия ала турган болдук. Анын 1 млрд. кВт/саатын сатып алабыз. Ал эми калган 400 млн. кВт/с электр энергияны 2015-жылы жайында Казакстанга берүүчү суу менен алмаштырабыз. Ушуну менен быйыл кышта өчүрүүлөр болбой турганы так аныкталды.

Үнөмдүү лампалардын доору келди

Негизи, электр энергияга болгон үнөмдөөнү Кыргызстандын жалпы калкы үйрөнө турган мезгил келди. Биринчиден, бул ар бир үй-бүлөнүн бюджетине пайда болот. Экинчиден, муну менен электр каатчылыгынын азайышына шарт түзүлөт. Ушул багытта Энергетика жана өнөр жай министрлиги тарабынан тынымсыз түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келүүдө. Маселен, атайын чыгарылган үнөмдүү лампочкаларды колдонуу менен бир кыйла электр энергияны үнөмдөөгө болот экен. Айталы, 1 үнөмдүү лампаны колдонуу менен азыркы кезде колдонуп жаткан 8 лампочкага кеткен электр энергияны үнөмдөп калууга болот (2-сүрөттү караңыз). Эгерде Кыргызстан боюнча ушундай лампаларга өткөндө, эбегейсиз көп өлчөмдөгү электр энергия үнөмдөөлөрү көрүнүп турат. Бул бир эле жагы. Калктын көпчүлүгү электр энергия менен үйлөрүн да жылытышат эмеспи. Эми үйлөрдү, мекемелерди, имараттарды жылытуу жагына келе турган болсок, өзүнчө чоң сөз кылууга арзыйт.

Үйүң жылуу болсо, көңүлүң куунак

Азыр илим менен технологиянын улам өөрчүп бараткан учуру. Адистердин эсептөөлөрүнө таянсак, конкреттүү бир үйдүн сырткы дубалдарын заманбап жылуулоо менен эле мурдагыга караганда, 45 пайыз жылуулук энергиясын үнөмдөп калууга болот экен (1-сүрөттү караңыз). Ал эми үйдүн үстүңкү чатырын жылуулоо менен 25 пайыз жылуулук энергияны экономдоп калууга мүмкүндүк түзүлөт. Ошол үйдүн терезелерин заманбап жылуулоодон 35 пайыз жылуулук энергиясын үнөмдөөгө болот. Бул кадимки эле бир жер үйдүн мисалында көрсөтүлдү. Муну жалпы Кыргызстан боюнча жасалды деп элестетсек, жылуулук энергиясын үнөмдөп калууга карата жүргүзүлгөн эсептердин астрономиялык суммаларын алууга болоор эле. Эми үйдү жылытуу үчүн эмнелер кетет, ошого токтололу. Маселен, кадимки эле бир үйдү жылытуу үчүн кыштын күнү орточо 3-4 тоннадан 5-6 тоннага чейин көмүр кетет. Кыргыздын кадимки бир жер үйүн жогоруда айтылган мисалдай, алдыңкы технологияларды колдонуп жылууласак, анда 3-4 тоннанын ордуна 1-2 тонна, ал эми 5-6 тоннанын ордуна 2-3 тонна эле көмүр кетмек. Эгерде үй электр энергияны колдонуп жылытыла турган болсо, анда 1-декабрдан баштап жаңы эреже менен төлөнө баштайт. Маселен, абонент бир айга 700 кВт/с электр энергия колдонсо, анда мурдагыдай эле 70 тыйындан төлөйт. Эгерде колдонуусу 700 киловаттан ашса, ар бир кВт/саатына 2 сом 05 тыйындан төлөй баштаарын дагы бир жолу эскерте кетели. Ошол эле убакта ишканалар жана бюджеттик мекемелер 2 сом 19 тыйындан төлөшөт.

Кыскасы, электр энергияны жана жылуу сууну эсепсиз колдонуунун доору бүттү. Мындан ары үнөмдөөнүн доору башталат. Ар бир үй ээсиби, же ишканаларбы, мекемелерби, мейманканаларбы, кафелерби – электр энергия менен жылуулукка жана жылуу сууга болгон үнөмдү тыкыр жүргүзүшпөсө, анда өтө көп чыгым тартып калышат. Ошондуктан, үйлөрдү жана имараттарды жылуулоо менен электр энергияны үнөмдүү пайдалануу – учурда негизги маселе болуп калууда.

Энергияны экономдойлу!

Чатырды жылуулоо

Үйдүн чатырын жылуулап, сиз 25%га чейин жылуулук энергиясын үнөмдөйсүз.

Энергияны үнөмдөөчү лампалар

Энергияны үнөмдөөчү лампалар 80%га чейин электр энергияны үнөмдөйт.

Терезелерди алмаштыруу

Терезелерди алмаштырып, сиз 35%га чейин жылуулук энергиясын үнөмдөйсүз.

Дубалдарды жылуулоо

Дубалдарды жылуулап, сиз 45%га чейин жылуулук энергиясын үнөмдөйсүз.

Азизбек ЧАМАШЕВ