КР Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрайымы Гүлмира Шакирова: “Жарандарды сапаттуу медициналык жардам менен камcыздайбыз”
– Гүлмира Абидиновна, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду качан уюшулган? Негизги максат, милдеттери кайсылар?
– КР Президентинин 1996- жылдагы Жарлыгы менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасынын (ММК) борбордук аткаруу органы – КР Өкмөтүнө караштуу республикалык ден соолук кассасы түзүлгөн. ММКга төгүмдөрдү чогултууга жооптуу болуп Социалдык фонд дайындалган. Өкмөттүн 1998-жылдын № 440 “КР Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жөнүндө” токтому менен республикалык ден соолук кассасы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду болуп аты өзгөртүлгөн.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу – Кыргыз Республикасынын укугун камсыз кылууга багытталган социалдык жактан коргоонун мамлекеттик формасы. Анын максаты – камсыздандырылган жарандарды сапаттуу медициналык жана профилактикалык жардам менен камсыз кылуу. Союз тарагандан кийин саламаттыкты сактоо мекемелерин каржылоо жылдан-жылга төмөндөп жүрүп отурган. Мисалы, 1991-жылы саламаттыкты сактоого каралган чыгымдар ИДПга карата 3,7%ды түзүп турган болсо, 1999-жылы 1,9%га төмөндөп кеткен. Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун (ММК) 1997-жылы киргизилиши саламаттыкты сактоо мекемелерин колдоого мүмкүндүк берди. Анын киргизилиши менен жаңы, прогрессивдүү ыкмалар иштелип чыкты. Ортодо 1999-2000-жылдары ММК каражаттарынын үлүшүнүн жогорулашы, калктын жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасы менен бир кыйла кеңири камтылышынын натыйжасында ММК боюнча медициналык кызматка акы төлөөгө, мурунку колдонулган статьялар боюнча бюджеттик каржылоого камтылган стимулдардын ортосунда карама-каршылык сезиле баштаган. Ошондон кийин медициналык кызматка акы төлөөнүн бирдиктүү эрежелерине өтүү зарылчылыгы келип чыкты.
Саламаттыкты сактоо секторун каржылоо начарлап бараткандыгына жана калк үчүн каралган жеңилдиктердин жетишерлик деңгээлде каржыланбаганынан улам 2001-жылы мамлекеттик кепилдиктер программасы иштелип чыккан. Бул программа бюджеттин жана ММК каражаттарынын эсебинен калкка акысыз жана жеңилдетилген шартта көрсөтүлө турган медициналык кызматтын көлөмүн аныктоочу мамлекеттик социалдык стандарт болуп эсептелет. Бул программага саламаттыкты сактоого каралган бардык чыгымдардын 70%ы туура келет. Акыркы жылдары саламаттыкты сактоого бөлүнгөн каражаттын көбөйүшү – мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында калкка акысыз көрсөтүлүүчү медициналык жана профилактикалык жардамдын көлөмүн, түрлөрүн кеңейтүүгө мүмкүндүк берди. 2006-жылдан баштап мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык 5 жашка чейинки балдарга, кош бойлуу аялдарга, төрөт учурунда жана төрөттөн кийинки мезгилде, 75 жаштагы жана андан улуу пенсионерлерге медициналык жардам акысыз көрсөтүлөт. 2008-жылдан тартып 70 жаштагы жана андан улуу пенсионерлерге медициналык жардам акысыз көрсөтүлөт. Кошумча төлөмдүн алып салынуусу жана азайтылышы жыл сайын республикалык бюджеттин каражаты менен толукталат.
– Бирдиктүү төлөө тутуму качан түзүлгөн? Анын аткарган милдети кандай?
– Азыр ММК фондуна мыйзамдуу түрдө Бирдиктүү төлөө системасынын функциясы бекитилген. Бул саламаттыкты сактоо системасында жаңы каржы жана уюштуруу түзүмүн түзүүгө, каражаттарды натыйжалуу жана адилеттүү колдонууга мүмкүндүк берет. Саламаттыкты сактоо сектору төлөөчүгө жана медициналык кызмат көрсөтүүчүгө – жабдуучуга бөлүнөт. ММК фонду Бирдиктүү төлөөчү тутумдун аткаруучу органы болуп эсептелет. Ал мамлекеттик кепилдиктер жана милдеттүү камсыздандыруунун кошумча программасын, медициналык-санитардык жана фармацевтикалык кызматтар үчүн эсептөөлөр боюнча бир каналдуу каржылоону жүргүзүү максатында каржы ресурстарын топтоштурууну жана саламаттыкты сактоону каржылоо ыкмаларын өнүктүрүүнү ишке ашырат. Бирдиктүү төлөөчү тутумду киргизүү – республикада саламаттыкты сактоо уюмдарын каржылоону теңдештирүүгө, республикалык бюджеттин жана милдеттүү медициналык камсыздандыруунун каражаттарынан дарыланып чыккан учур үчүн базалык ставканын өсүшүн жогорулатууга алып келди. Бирдиктүү төлөөчү тутумдун топтоштурулган бюджети же каржылоо булактары – республикалык бюджеттен, Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинен, Бишкек шаарынын кошумча төлөм каражаттарынан, милдеттүү медициналык камсыздандыруудан, атайын жана кошумча төлөм каражаттарынан түзүлөт.
Бирдиктүү төлөө тутумунун топтолгон бюджети 2014-жылдын 9 айында 8122,1 млн. сомду түздү. Анын каржылоо булактары болуп республикалык бюджет, ММК каражаттары, жергиликтүү бюджет, республикалык бюджеттин жана жергиликтүү бюджеттин атайын каражаттары, кошумча төлөм каражаттары эсептелет.
– Ар бир жаран милдеттүү медициналык камсыздандыруу үчүн канча акча төлөйт?
– Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 17-январындагы №9 “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Мыйзамы менен милдеттүү медициналык камсыздандырууга ай сайын чегерилүүчү эмгек акы фондунан 2% аныкталган, ал бүгүнкү күнгө чейин өзгөртүлбөй келатат. Бул чегерүүдөн милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары түзүлөт. Саламаттыкты сактоо уюмдарында милдеттүү медициналык камсыздандыруу жана кошумча төлөмдөр саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин кошумча эмгек акысына, медикаменттерди, лабораториялык жана диагностикалык материалдарды сатып алууга жана башка чыгымдарга бөлүштүрүлөт.
2001-жылы мамлекеттик кепилдиктер программасы (МКП) иштелип чыккан. Ага ылайык республикалык бюджеттин жана ММК каражаттарынын эсебинен акысыз жана жеңилдетилген шартта көрсөтүлүүчү медициналык кызматтын өлчөмү, түрлөрү жана тартиби аныкталган. МКПга ылайык баштапкы деңгээлде базалык медициналык кызматтар жана кечиктирилгис медициналык жардамдар бардык калкка акысыз көрсөтүлөт. Кошумча төлөмдүн киргизилиши бейтапты ооруканага жаткырууну жана стационарларда кымбат турган медициналык кызматтарды алууну токтотуучу механизм болуп калды. Жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз кылууну ишке ашырууда ММК фонду тарабынан республикадагы 267 дарыкана жана 590 дарыкана пункттары менен келишим түзүлгөн. Андан сырткары, медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнү камсыз кылуу үчүн ММК фонду тарабынан 251 саламаттыкты сактоо уюму менен келишим түзүлгөн.
Бүгүнкү күндө милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисинин наркы 500 сом, ал саламаттыкты сактоо уюмдарында камсыздандырылган жарандарга медициналык жардам алууга укук берет. 2014-жылдагы эсептөөлөр боюнча стационарда 1 дарыланып чыккан учурдун наркы оорунун татаалдык деңгээлине жараша чегерилүүчү, клиникалык-чыгымдоочу топтордун салмактык маанисин эске албаганда 7477 сомду түзөт, анын ичинен 1950 сом милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары, 4627 сом республикалык бюджеттин базалык ставкасы, 900 сом калктын кошумча төлөмү.
– Жеке менчик клиникалар менен мамилеңиздер кандай? Алар дагы ушул программаларга баш ийдирилгенби?
– Бүгүнкү күндө саламаттыкты сактоо уюмдарында жабдуулар, дары-дармек каражаттары жетишпейт. Көптөгөн адамдар аларды колдонуу мүмкүнчүлүгүн күтүүдө. Андыктан, жеке менчик медицинанын өнүгүшү менен мындай маселеден арылса болот. Жеке менчик медицинаны колдонуу чечими – толугу менен ыктыярдуу. Бул мамлекеттик колдоодон айрылуу дегенди билдирбейт. Кайсыл гана учур болбосун, мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык өзүнүн жеңилдиктерин колдоно алат. ММК фонду менен А.Исманкуловдун клиникасы, “Ош кардио” жана “ЮРФА” жеке менчик клиникалары келишим түзүшкөн.
– Сиздердин иште коррупцияга каршы кандай чаралар көрүлөт?
– Саламаттыкты сактоо уюмдарында көп кездешүүчү коррупциялык көрүнүштөрдүн бири болуп – бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз эсептен чыгаруу болуп саналат. Ал төмөнкүдөй болот: саламаттыкты сактоо уюмунун жетекчилиги алдын ала көмүскө бүтүмгө кирип, жабдуучуга товарларды, дары-дармектерди жеткирип берүү үчүн акча каражаттарын которот. Жабдуучу дары-дармектерди кагаз жүзүндө гана жеткирет. Иш жүзүндө документтер боюнча көрсөтүлгөн дары-дармектер жеткирилбейт. Которулган акча каражатынын кандайдыр бир бөлүгү тийиштүү үлүш катары саламаттыкты сактоо уюмунун кызматкерлерине кайтарылат. Мындай мисал 2012-жылы Ош шаарынын № 2 стоматологиялык бейтапканасында аныкталган. Баткен областынын стоматологиялык бейтапканасына 408,2 миң сом суммасындагы эмерек сатылып алынган жана коюлган делет, бирок бул инвентарь бейтапканага түшкөн эмес. 2013-жылы Баткендеги Лейлек районунун үй-бүлөлүк медицина борборуна 108,0 миң сомго 60 кг. натрий нитратынын реактиви сатылып алынган, иш жүзүндө бул препарат медицина борборуна түшкөн эмес. Үч-Терек жалпы дарыгерлер тажрыйбалык борборунда 56,2 миң сом суммасындагы жеткирилбеген чарба товарлары үчүн жабдуучуларга акча каражаттары которулган. 2014-жылдын октябрь айында КР Башкы прокуратурасынын демилгеси боюнча КР Эсептөө палатасы, КР Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте Ош облусунун кургак учукка каршы күрөшүү борборунда 17,3 млн. сом суммасында медикаменттерди мыйзамсыз эсептен чыгаруу фактысы аныкталды. Азыр башка ооруканаларда да коррупциялык схеманы аныктоо боюнча текшерүүлөр башталды. Бардык жогоруда көрсөтүлгөн текшерүүлөрдүн материалдары укук коргоо органдарына берилди.
Саламаттыкты сактоо уюмдарынын дарыгерлери бейтаптарга кымбат баадагы дары-дармектерди, бейтапка кереги жок биологиялык активдүү кошулмаларды (БЖК) жазып беришет. Мында дарыгер бейтаптарды белгиленген дарыканага жиберет. Дарыкана өзүнүн дары-дармектерин сатып, бейтаптарды дарыканага жиберген дарыгерлерге бонустарды төлөп берет. Дарыгерлер жеке менчик дарыканалардын кызматкерлери менен көмүскө бүтүмгө келип, бейтапка билгизбестен ММК рецептин жазып берген учурлар да кездешет. Мисалы, Талас районунун үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлеринин бири ашказан жарасы боюнча диспансердик каттоодо болгону бир оорулуу болгонуна карабастан 72 жаранга аларга билгизбестен 49,1 миң сомго “Денол” дары-дармек каражатына ММКнын кошумча программасы боюнча 85 рецепт жазган. Мындай махинация Башкы прокуратурага жөнөтүлдү. Уурдоолор, эмгек акыга төлөнүүчү акчаларды өзүмдүк кылып алуу фактылары да кездешет. Тендерсиз товарларды, иштерди жана кызматтарды сатып алууну текшерүүнүн жыйынтыктары да укук коргоо органдарына өткөрүлгөн. Каржылык тартип бузууларга жол бергендиги үчүн саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилерине, жооптуу адамдарына 2013-жылы 18 эскертүү, 17 сөгүш жарыяланып, 7 адам кызматынан кеткен.
Сымбат МАКСУТОВА


Leave a Reply