КРнын энергетика жана өнөр жай министринин милдетин аткаруучу Кубанычбек Турдубаев бүгүн, 23-октябрда өзүнүн сот жоопкерчилигине тартылгандыгы тууралуу билдирүү таратты.

Билдирүүдө:

«Менин КР энергетика жана өнөр жай министрине талапкерлигимди Жогорку Кеңеште жана ЖМКларда талкууга алынып жаткандардын айланасындагы ар кандай жагдайлардан улам өзүмдүн билдирүүм менен чыгууну чечтим. Мен эч качан эч кимден, 2002-жылы 29 жашымда Жети-Өгүз РЭСнин жетекчиси болуп дайындалып «Чыгышэлектр» ААКта жогоруда турган жетекчиликтин басымына каршылык көрсөтө албагандыгымды жана ал учурда бардык жерде колдонулуучу электр энергияны коммерциялык жоготуунун көрсөткүчтөрүн төмөндөтүү практикасына тартылып калгандыгымды жашырган эмесмин. «Чыгышэлектр» ААК кылмыш жоопкерчилигине тартылган 27 кызматкеринин катарында болуп калгам. Каракол шаардык соту мага айып салган. Ал эми Ысык-Көл облусунун соттук коллегиясы менен амнистияга байланыштуу жоопкерчиликтен бошотулгам. Бул өмүр бою коркунучтуу сабак болуп калды. Сот мамлекетке же ишканга эч кандай каржылык зыян келбегендигин аныктаган. Сот биздин аракеттерибизде жаман ниет же кандайдыр бир коррупциялык иштер болбогондугун тактаган, жана биздин кылмыштарыбыз оор эмес категорияга кирет. Мен өзүмдүн күнөөмдү мойнума алам, чын ниетимден өкүнөм жана азыркыга чейин коомдун алдында, өзүмдүн атамдын жаркын элесинин алдында, коллегаларымдын алдында жана жакындарымдын алдында ал кездеги бекемсиздигим үчүн кечирим сурайм. Өзүмө принципиалдуу болууга, так иштөөгө жана алдыда эч кандай басымдарга баш ийбөөгө сөз бергем. Жаш кезимде алган коркунучтуу сабак мага бекем жана принципиалдуу болууга жардам берди.

Бирок менин башымдан өткөндөр депутаттарга жана коомго тиешелүү суроолорду берүүгө жана жооп талап кылууга укук берет. Анын үстүнө мамлекеттик бийик кызматка жылдыруу жөнүндө сөз болуп жатат. Буга катар фактыларды бурмалоо туура эмес деп эсептейм.

Дайыма Өмүрбек Чиркешевич Текебаевге урматтоо менен мамиле кылгам. Анын инисин наркобизнеске айыпташканда, көп өтпөй өзүнө «матрешка» салып коюшканда чын ниетимден санаа болгом. Андан кийин бүт өлкөгө уят кылышты. Бул саясий каршылаштардын иши экендигин түшүнгөм. Анда эмнеге азыр Өмүрбек Чиркешович өзүнүн саясий максаттарында менин мындай эместигимди жакшы билип туруп, мага коррупцияны байлап жатат. Эмнеге талкууланып жаткан 30 млн 160 миң сом эч качан уурдап алуу болбогондугун, ал ишендирип жаткандай «сол чөнтөккө» эч ким тарабынан менчиктештирилбегендигин билип туруп, фактыларды бурмалап жатат.

Бардык кыйынчылыктарды анын ичинде жогоруда аталгандарды билип туруп эч качан министрлик кызматка умтулган эмесмин. Кайсы бир партиянын өкүлү же мүчөсү да эмесмин. Тармактагы оор абалга Кыргызстанга жана энергетик-коллегаларыма бул оор жана жоопкерчиликтүү мезгилде жардам берсем деген күчтүү каалоомдон улам гана макул болдум. Бирок бүгүн айтылган айыптоолордон кийин мен өзүмө гана эмес, жаш кезинде күнөө кылган, бирок тармакта так жана кесипкөйлөр катары калган башка көптөгөн адамдарга да жоопкерчиликти сезип турам. Алар биздин сындоочуларыбыздан кем эмес «моралдык-этикалык укуктарга» ээ экендигине ишенем.

Мен КР өкмөт башчысы Жоомарт Кайыпович Оторбаевге бийик ишенимине жана менин талапкерлигимди КР энергетика жана өнөр жай министрлигине жылдыргандыгына ыразымын. Менин колдогондордун жана мага ишеним арткандардын баарына ыразымын. Өзүмдүн билимимди жана тажрыйбамды энергетиканын өнүгүшүнө коррупцияга каршы күрөшүүгө жумшоого даярмын. Дайындалып калсам, мамлекет үчүн, Кыргызстандын элинин жакшы жашоосу, энергетиканын жана өндүрүштүн өнүгүшү үчүн милдеттеримди так принципиалдуу аткарам», – деп айтылат.