Бишкекте ээлери аныкталбаган жана мыйзамсыз курулган 1,7 миң объект бар. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда парламенттин отурумунда Бишкектин вице-мэри Бакыт Дүйшөнбиев маалымдады.

ЖК депутаттары тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечими боюнча ээси аныкталбаган, өзүм билемдик менен курулган курулуштарды түрттүрүп салууга уруксат жөнүндө Жаранадык кодексти талкуулап жатышат.

Б.Дүйшөнбиевдин айтымында, көпчүлүк учурда мыйзамсыз курулуштар болуп үйлөрдүн пайдубалдары эсептелет.

«Негизинен аталган объекттердин арасында жашоочу үйлөрдүн пайдубалдары салынган. Пайдубалдарды кийин жер тилкелер бизге калат деген максатта салышат», – деди ал.

курулуш