Эркен Акрамов, Велоспорт боюнча башкы машыктыруучу

– Эркен агай, сыйлыгыңыз кут болсун. Сиз машыктырган волоспортчу Евгений Ваккер XVII Азия оюндарында Кыргызстан үчүн биринчи медалды жеңип берди. Даярдыктар кандай өттү эле?
– Евгений Ваккер велоспорт боюнча Кыргызстандагы жалгыз спортчу. Буга чейинки Азия оюндарына катары менен беш ирет катышып, беш жолу байге алып кайткан. Бул жолу да күмүш медалды татыктуу тагынды. Өзү КРнын эмгек сиңирген спортчусу. Абдан аракетчил. Оюндарда да кылдаттык жана чеберичлик менен иштейт.
– Күмүш медаль тагынып кайтканына ыраазысызбы?
– Биз чынында абдан мыкты даярданганбыз. Бул жолу алтын медаль тагынабыз деген ишенимде элек. Кудайга шүгүр, күмүш деле жаман эмес.
– Ваккер өзү Германияда жашайт эмеспи. Машыгууларды кайдан өткөздүңөр?
– Менин Кыргызстанда жана Евгенийдин Германияда жашаганы машыгууларга тоскоолдук жараткан жок. Биз көбүнчө чет өлкөлөрдөгү клубдарда машыктык. Ысык-Көлдө да көп машыгууларыбыз өттү.
– Бизде мамлекет тарабынан спортко кандай көңүл бурулуп жатат деп ойлойсуз?
– Албетте, соңку убактарда спорт тармагына мамлекет тарабынан айтаарлык маани берилип жатат. Спортчуларыбыз жакшы даярдыкта, Азия оюндарына уялбай катышып, жакшы ийгиликтерди жаратып кайтышууда. Кудайга шүгүр, стипендиялар төлөнүп, мамлекет тарабынан спортчуларыбыздын жол чыгымдары камсыздалууда. Спорт – бул ден соолукту гана чыңдабастан, дени сак улутту жаратат.

Каныбек Сагынбаев, бильярд боюнча дүйнө чемпиону:
“Кыргызстан бильярд боюнча дүйнөдө үч мыктынын бири”
– Каныбек, өзүң жаш болгонуңа карабай, мыкты ийгиликтерди жаратып жатканыңдын сыры эмнеде?
– “Өз ишиңди мыкты өздөштүргөндө гана анын ийгилигине жетесиң” деп айтылат. Биринчи кезекте эмгекчил болуу жана кызыгуу адамды ийгилик жаратууга үндөйт. Акыркы учурда бильярдка кызыгуум күч алып, машыгып келем. Спортко мамлекеттик деңгээлде көңүл бурула баштагандан бери ага кызыккан жаштардын саны да өсүүдө. Мындан ары да жаштар спортко ыктай баштаарына ишеним зор.
– Акыркы чемпионатта өзүңдүн негизги атаандаштарым деп кайсы өлкөлөрдүн бильярдчыларын көрө алдың?
– Орусиянын, Украинанын оюнчулары күчтүүрөөк экен. Бул эки өлкөнүн оюнчулары менен чыкканда бир аз толкундануу сезилип турду. Олимпиадага келип жаткан соң баары эле өзүнө ишенгендер, ошончолук даярдыкта келишет да.
– Бильярд боюнча мыктылардын алдыңкы сабында келатасың. Бул өнөрүңдү, шык-жөндөмүңдү үйрөтүп, тарбиялап келаткан балдар барбы?
– Албетте, споттун бул түрүнө ким кызыкпасын, баарын тең колдоого милдеттүүмүн. Анткени, мен да өлкөбүз көбүрөөк ийгиликке жетишип, желегибиз желбирешине кызыкдармын. Бильярдды жакшы өздөштүрө баштаган Дастан, Изат деген балдар баш болгон 15-20 бала бар. Азырынча, Кыргызстан бильярд боюнча дүйнөдө үч мыктынын бири. Келечекте алдыңкы орунга деле чыгаарыбыз күмөн эмес.

Бахадыр Кочкаров, Футбол боюнча эл аралык категориядагы калыс:
“Өзгөчө жаштар спорт менен алектенүүсү керек”
– Бахадыр мырза, Орто Азияда футбол боюнча калыстар саналуу. Алардын бири сиз. Азия оюндарында калыстык кылууңуз кандайча чечилди?
– Мен ФИФАнын футбол боюнча эл аралык категориядагы калысымын. Азия оюндарына калыстык кылуум ФИФа тарабынан аныкталып, чечилди. Оюндардын өтүшүнө калыстык кылуум бир айга жакын убакыт калганда эскертилет. Өзүм Ош шаарында жашайм.
– Өлкөдө спорт тармагын өнүктүрүүнү биринчи орунга коюу жагын колдойсузбу?
– Президентибиз спорт тармагына жакшы көңүл буруп жатканы мени абдан кубандырат. Ал өзгөчө жаштарды спорт менен алектенүүгө чакырды. Бул айтканын мен да колдойм.
Динар Турдугулова