Логотип_Кубка_Азии_2015

Австралияда өтүп жаткан Азия кубогу үчүн болгон оюндарда чечүүчү оюндар башталды. Эртең  3-орун үчүн Ирак менен Бириккен Араб Эмирликтери ойнойт. 31-январда финалда Австралия жана Түштүк Корея кубокун жеңүүчүсүн аныкташат. Ал ортодо Өзбекстандын Sports.uz. сайты Азиядагы эң кымбат оюнчулардын рейтингин жарыялады. Алар Европанын жана Азиянын мыкты клубдарында ойношот. Төмөнкү таблицада кайсы оюнчу канча миллионго бааланганы көрсөтүлгөн.

1. Синдзи Кагава (Япония/«Боруссия» Д) – 15 млн.

2. Кейсуке Хонда (Япония/«Милан») – 14 млн.

3. Хын Мин Сон (Корея/«Байер») – 14 млн.

4. Юто Нагатомо (Япония/«Интер») – 10 млн.

5. Одил АХМЕДОВ (Өзбекстан/«Краснодар») – 6 млн.

6. Ки Сон Ён (Корея/«Суонси Сити») – 6 млн.

7. Шинджи Оказаки (Япония/«Майнц 04») – 5,50 млн.

8. Виталий ДЕНИСОВ (Өзбекстан/«Локомотив») – 5 млн.

9. Ку Чжа Чол (Корея/«Аугсбург») – 5 млн.

10. Мая Ёсида (Япония/«Саутгемптон» – 4,5 млн.

Асан ЖУНУСОВ