бокс

Эртең, Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда бокс боюнча Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоков атындагы эл аралык турнир башталат. 38-ирет өтүп жаткан турнирге он бир өлкөнүн мушкерлери келишет. Таиланд, Эстония, Литва жана Монголиянын командалары биринчи жолу катышат. Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Россиянын командалары мурдатан катышып келишет.

Турнирдин деңгээлин көтөрүү үчүн Шопоковдун турнири, былтыр Азия бокс конфедерациясынын календарына кийирилген. Жеңүүчүлөр 2-февралда белгилүү болот.

Асан ЖУНУСОВ