пожарн
Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча кечээ, 4-февралда саат 08:30дан бүгүн саат 08:30га чейин республиканын аймагында 8 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 10 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылды.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкекте Панфилов көчөсү, 133 дарегинде жайгашкан «Колесо KG Юг» унаа жуучу жайдан өрт чыкты.

Кырсыктын кесепетинен, аталган жайдын жыгач устундуу андулин жабылган 380 чарчы метр чатыры, пластик менен капталган дубалы, компрессор LB270 (жуучу аппарат.) жана аппарат BD (жуучу аппарат.) жана видео байкоо күйүп кеткен.

Өрт электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушунан келип чыкканы белгилүү болду.