Ат-Башы районундагы бир үй-бүлөнүн эшигинин астына белгисиз адамдар жаңы төрөлгөн ымыркайды таштап кетишти. Милиция бейтааныш баланын ата-энесин издеп жатат.

Сүрөттүн окуяга тиешеси жок

Сүрөттүн окуяга тиешеси жок

 Адистер акыркы жылдары ымыркай балдарын таштап салган бейтааныш энелердин саны өсүп жатканын билдиришүүдө.

“Кыздуу болгон” үй-бүлө

Жарым айлык ымыркайды бейтааныш бирөө Нарындагы Ат-Башы айылынын тургуну Нурлан Осмоновдун үйүнө 27-январга караган түнү таштап кеткен. Баланы таап алган үй-бүлө наристени жарым жылга чейин багып турмай болду. Мындай укукка алар тиешелүү тараптардын кароосунан өткөндөн кийин ээ болушканын Осмонов айтып берди:

– Окуяны ошол замат райондук милиция бөлүмүнө барып айттым. Социалдык коргоо кызматкерлерине, бардык жерге билдирдим. Алар алты айга чейин багып туруу укугун беришти. Менин эки эркек балам бар. Бул кызды багып алууга толук мүмкүнчүлүгүм жетет. Бирок мен бул окуяны элдин баарына эле айта берүүнү каалаган жок элем…

Сыягы, баланы таштагандар Осмоновдордун үй-бүлөсүн, алардын кыз баласы жок экенин буга чейин билип жүрүшкөндөй.

Учурда бул үй-бүлө ымыркайды биротоло багып алууга ниет кылып турушат. Бирок асырап алуу үчүн биринчи кезекте баланын ата-энесин таап, алардан уруксат алуу керек болот. Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Алмагүл Калиеванын айтканына караганда, азыр ымыркайдын ата-энесин издөө иштери жүрүүдө.

– Менин практикамда мындай окуя биринчи жолу катталып жатат. Азыр наристени кароодон өткөрдүк. Ден соолугу чың экен. Азыр ата-энесин издеп жатабыз. Төрөт үйүнө да кабар бердик. Бирок баланы таап алган үй-бүлө аны багып алабыз деп жатышат.

“Таштанды бала” “табылган балага” айланды

Таап алган же таштап кеткен балдарды багып алам деген үй-бүлөлөрдүн шарттары бардык эле учурда мыйзамдагы талаптарга шайкеш келе бербейт. Ошондуктан маселенин бул жагы дагы өтө кылдат териштирилет. Деген менен бала асырап, багып алууну каалагандардын да саны аз эмес. Нарын шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкери Гүлмира Султангазиева буларды айтты:

– Мурун мындайды “таштанды бала” дечүбүз, азыр “табылган бала” дейбиз. Табылган бала эгер бир айга жете элек болсо, аны ооруканага жиберип, кароодон өткөрөбүз. Эгер ошол таштаган үй-бүлөнүн жашоо шарты бала бакканга туура келсе, тиешелүү текшерүүлөрдөн кийин багып алууга беребиз. Болбосо теледен же радиодон жарнама берип, шарты бар үй-бүлө издейбиз. Ал үй-бүлөнү да бардык медициналык кароодон өткөрүп, соттолбогонун аныктап туруп, анан гана беребиз. Бирок үч жылга чейин бала биздин көзөмөлүбүздө болот.

Султангазиеванын билдиргенине караганда былтыр Нарын облусу боюнча асыроого 13 бала берилсе, алардын алтоо белгисиз адамдар таштап кеткен ымыркайлар болушкан. Былтыр жалпысынан бейтааныш энелер тарабынан сегиз бала ташталса, быйыл жыл башында эле андай эки факты катталды. Ошол эле кезде ымыркайлардын өлүгүн таштандыга калтырып кеткен учурлар да бар.

Мирлан Кадыров, Азаттык