Атайын максаттагы күчтөрдү даярдоочу чоң борбор курулат
Чечен Республикасы атайын максаттагы күчтөрдү даярдоочу негизги дүйнөлүк борборлордун биринен болуп калаарын Чечнянын башчысы Рамзан Кадыров билдирди. Анын айтымында, Гудерместин чет жагында эң талаптуу эл аралык стандарттарга толук жооп берүүчү атайын окуу комплекси Россияда биринчи жолу курулуп жатат. Ал инвестиция түрүндө каржыланып, курулуш иштери кызуу жүрүүдө.
Бул эл аралык борбордо Россиянын жана башка өлкөлөрдүн атайын кызматтарынын бардык аскердик күчтөрүнүн атайын максаттагы бөлүктөрүн даярдоо жүзөгө ашырылат. Андагы уникалдуу тактикалык шаарчада барымтага алынгандарды бошотуу жана террористтерди жок кылуу боюнча окууларга багытталган бийик кабаттуу турак үйлөр, мектептер, ооруканалар, бала бакчалар, кино театрлар, ж.б. курулат. Ал жерде парашюттан секирүү, тоодо, токойдо, сууда аракеттенүү жаатында даярдыктар да эске алынган. Ошондой эле аэродинамикалык трубанын да курулушу бүткөрүлөт.
Таалайбек ТЕМИРОВ


Комментарий кошуу