шаршеев

Мындай сунушу менен депутат Бакыт Шаршеев 12-февралда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында чыкты.

Депутат Бишкек-Торугарт, Түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун курулуштарына токтолуп, “эки иштен – бир иш кылып”, аларга кабелдик канализацияларды кошуп кетүү менен шаарлар аралык интернет кабелдерин тартууга мүмкүнчүлүк түзүлөөрүн айтты.

Ошону менен катар Бишкек-Торугарт жолунун курулуп жаткан Долон – Кызыл-Бел тилкесиндеги Оттук айлынын мектеп окуучулары бул жолду кесип өтүп, мектепке барарын белгилеп, аталган кан жолго жер астынан өтүүчү өтмөк салуу зарылдыгын кошумчалады деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.