младенец2014-жылы Россияда балдардын төрөлүшү боюнча рекорд коюлду, б.а. 1 миллион  947 миң ымыркай  көз жарды. А бул 2013-жылга караганда 17,6 миңге көп дегендикти билдирет жана өлкөнүн буга чейинки тарыхында мындай сандагы баланын төрөлүшү дегеле каттала элек болчу. Чындыгында үч жылдан бери катары менен 1,9 миллиондун тегерегинде наристелер жарык дүйнөгө келип жатканы да кубанычтуу көрүнүш болуп саналат. Буга, албетте, ар бир төрөлгөн балага мамлекет тарабынан тиешелүү өлчөмдө акчалай түрүндө “эне капиталы” дегендин төлөнүп берилип жатышы болуп көрбөгөндөй демографиялык өсүүлөрдү шарттап жатканын айтпай коюуга болбойт. Ошондон улам Россияда калктын мигрант, иммигранттардын эсебинен эмес, а табигый өсүүсү да эки жылдан бери орун алып келе жаткандыгы  да анык.

Таалайбек ТЕМИРОВ