Өзгөндө суу каптоонун алдын алуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө (фото)

2015-жылдын 12-13- февралында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айыл өкмөтүнө караштуу Куршаб айылынын Поворот участкасындагы 1-Май көчөсүндөгү автоунаа жолунун жогорку жана төмөн  жагында жайгашкан 13 турак үйдүн айланасын суу каптаган. Турак…
Толугу менен »

ӨКМде 2014-жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегия өткөрүлүүдө (фото)

2014-жылдын 14-февраль күнү КРнын ӨКМнин  Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунда он-лайн режиминде министр Кубатбек Бороновдун төрагалыгы астында КРнын ӨКМдин коллегиясы өткөрүлдү. Коллегияга КРнын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министр Нурханбек Момуналиев, Министрликтин жетекчилиги, түзүмдүк жана облустук башкармалыктардын башчылары катышты. Коллегияда  КРнын…
Толугу менен »

Жогорку Кеңештин Координациялык кеңеши 18-19-февраль күндөрүндөгү парламент жыйындарынын күн тартибинин долбоорун бекитти

 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Координациялык кеңеши бүгүн, 13-февралда парламенттин 2015-жылдын 18-19-февраль күндөрүндөгү жыйындарынын күн тартибинин долбоорлорун бекитти. 18-февралда Жогорку Кеңеште бир катар мыйзамдарга түзөтүүлөр, алардын ичинде, “КР кинематографиясына мамлекеттик колдоо жөнүндө”, “КР мамлекеттик протоколу жөнүндө”…
Толугу менен »

Жалал-Абад шаарынын 2015-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша боюнча долбоорун угуу боюнча жыйын болду

Бүгүн, 13-январь Жалал-Абад шаардык мэриясынын жыйындар залында Жалал-Абад шаарынын 2015-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша боюнча долбоорун уктуруу болду. Анда шаар мэри Салайдин Авазов шаардагы аймактык башкарууларда көйгөйлүү маселелердин быйылкы жылдын бюджетине киргизилип, “Чыңгыз Айтматов”…
Толугу менен »

Челябинскиде  түстүү кар түштү

Табияттын тамашасын  кара. Бардык ак нерсени  күчөтүп, “аппак кардай”  деп салыштырып калабыз. Анткени,  кардын түсү адам баласынын  аң-сезиминде аппапак  болуп  сиңип калган. Эми  адаттан тыш түстүү карлар да жаай баштаганы кызык.  Россиянын сайтынын билдирүүсү боюнча…
Толугу менен »

Афган ардагери, Орозали Сартбаев: “Бизди Мекенибизге алып келе жаткан учакка, душмандар кол салбаса экен деп корккон элем!”

Базар-Коргон районунун Сейдикум айылында 1963-жылы 20-февралда колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган. Орто мектепти аяктагандан кийин колхоз ишине киришип, жардамчы чабан болуп эмгектенип, Советтик аскердин катардагы кызматына 1981-жылдын апрель айында чакырылып, 1983-жылдын июнь айында Мекенге кайткан. 1984-1989-жж. Бишкектеги …
Толугу менен »

Насыя алуучулар микронасыялык компаниялар элди жакырчылыктан чыгарбай эле, жакырчылыкка батырып жаткандыгын белгилешти

Бүгүн, 13-февралда “Насыялык саясат: көйгөйлөр жана анын чечилиш жолдору” боюнча коомдук угуу болду. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Айнуру Алтыбаева, Нуркамил Мадалиев, Улукбек Кочкоров жана Майрамкан Кадырбекова, Улуттук банктын өкүлү Лада Орозбаева жана Насыя алуучулардын укугун…
Толугу менен »

Икая

  Кечкурун көндүм маршруткам менен үйгө баратсам, жанымда отурган карыя икая айтып калды. Еврей айыл аксакалдары жылына сөзсүз бир жыйын өткөрүшөт экен. Ал жыйында айыл аксакалдары айылдагы  өсүп келе  жаткан балдардын ата-энелерин атап, алардын балдарынын…
Толугу менен »

Атактуулардын окуяларынан

Бир мертебе улуу француз сатириги Франсуа Рабле акчасы калбай калгандыктан, Лондон Парижге жете албай кыйналат. Ырас, кыйынчылыкка чүнчүп калуу Рабленин мүнөзүнө жат! Ал 2 кагаз пакетке үч чымчым шекер салып, ар бирине “Корол үчүн уу”,…
Толугу менен »

Назарбаев теңгени колдоого чакырды

11-февралда Казак Өкмөтүнүн кеңири жыйынына катышкан Президент Нурсултан Назарбаев: “Казакстан глобалдык кризистин таасирин сезип жатат, бирок өлкө экономикасында кризис жок”, - деп айтты. Анын пикиринде глобалдык кризис – тышкы фактор. Анын биринчисин мунай баасынын эки…
Толугу менен »

Си Цзиньпин сентябрда АКШга барат

«Синьхуа» агенттигинин маалыматына караганда, Кытайдын лидери Си Цзиньпин 2015-жылдын сентябрь айында расмий визит менен Америка Кошмо Штаттарына барат. АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Сьюзан Райс бир аз мурда Си Цзиньпинге расмий визит менен Вашингтонго келип…
Толугу менен »

Кыргызстандагы укук коргоо кыймылынын төрагасы Турсунбек Акун: “Атамбаев колдобосо Салянова ойдо жок карьераны жасай алмак эмес”

“Экс-генпрокурор Аида Салянованын отставкасы боюнча комментарий берейин деген максат менен “24kg” жана “Кабар” агенттигине барсам, жетекчилери менин өтүнүчүмдөн баш тартышты. Алардын позициясын түшүнбөй калдым. Акаевдин заманы артта калды деп ойлогом. Айла кеткенде “АкиПресске” кайрылууга туура…
Толугу менен »