снегопад

Табияттын тамашасын  кара. Бардык ак нерсени  күчөтүп, “аппак кардай”  деп салыштырып калабыз. Анткени,  кардын түсү адам баласынын  аң-сезиминде аппапак  болуп  сиңип калган. Эми  адаттан тыш түстүү карлар да жаай баштаганы кызык.  Россиянын lenta.ru сайтынын билдирүүсү боюнча Челябинскиде адаттагы аппак эмес, көгүш түстөгү кар жааган.  Жергиликтүү тургундун айтуусунда ал эртең менен саат 10-11лерде  “Электромаш” компаниялар тобунун кампаларынын  айланасында  жана имараттын чатырында, токтоп турган машиналардын үстүндө көгүш түстүү кар жатканын көргөн.  Эколог Андрей Талевлин  кардын мындай түстө болушу ушул райондогу химикаттар кампасынын таасиринен  деп болжолдойт.   Ал эми мындан мурдараак, февралдын башында   Саратовдо кызгылт сары  түстөгү кар жааган. Муну Саратовдун  курчап турган чөйрөгө гидрометеорология  жана мониторинг боюнча облустук борбору бул аймактын үстүнөн Батыш Сахарадан аба циклону өткөнү менен түшүндүргөн.

Бегим ТУРДАЛИЕВА