карыялар1

Кечкурун көндүм маршруткам менен үйгө баратсам, жанымда отурган карыя икая айтып калды. Еврей айыл аксакалдары жылына сөзсүз бир жыйын өткөрүшөт экен. Ал жыйында айыл аксакалдары айылдагы  өсүп келе  жаткан балдардын ата-энелерин атап, алардын балдарынын кандай өсүп келе жаткандыгы, мүнөзү, тарбиясы жөнүндө айтышып, аксакалдардын элегинен өткөрүшөт экен.

Эң негизгиси, бул жыйында аксакалдар балдардын ата-энелеринин даражасына, байлык-бийлигине эч карашпастан, акыйкатка гана маани беришет. Мисалы, Раввиндин (айыл старостасы) баласынын акылы атасындай зирек чыкпай калды. Ага караганда өтүкчүнүн уулунда данек бар. Аны Америкага чейин окутуп-чокутуп, чыгымын жапа-тырмак көтөрүшүбүз керек. Ошондо бизге эле эмес, жалпы еврей элинин жашоо-турмушуна гана пайдасы тийбестен атагын чыгарып, анын жарыгы журтка тиет. Ал эми Раввиндин баласы өтүкчүгө шакирт болсун. Анын болгон даремети, келечек тагдыры ошол. Кыскасы, ал колунан келгенин жазасын. Бул икая, бизге да сабак.

Бактыбек ИМАМАДИЕВ