парламент1

 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Координациялык кеңеши бүгүн, 13-февралда парламенттин 2015-жылдын 18-19-февраль күндөрүндөгү жыйындарынын күн тартибинин долбоорлорун бекитти.

18-февралда Жогорку Кеңеште бир катар мыйзамдарга түзөтүүлөр, алардын ичинде, “КР кинематографиясына мамлекеттик колдоо жөнүндө”, “КР мамлекеттик протоколу жөнүндө” жана Патенттик мыйзамга сунушталган түзөтүүлөр каралмакчы. Ошондой эле парламентчилер Ядролук материалды күч менен коргоо жөнүндө конвенцияга кошулууну жана Эл аралык макулдашууларды карайт.

Ал эми 19-февралдагы Жогорку Кеңеш жыйынында “Жарандардын репродуктивдүү укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктер”, “Кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдоого жана террористтик актыларды же экстремисттик ишмердүүлүктү каржылоого каршы аракеттер жөнүндө”, “Камсыздандыруу төгүмдөрүн өз маалында төлөбөгөн учурда же толук эмес төлөөдө кошулган каржылык санкцияларды жана туумдарды жоюу жөнүндө” жана башка мыйзам долбоорлорун кароо пландаштырылууда.

Мындан сырткары, Жогорку Кеңеш депутаттары КР шайлоо процесстери тууралуу бир катар конституциялык мыйзамдарга түзөтүүлөрдү карашат деп билдирди Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.