Өзгөндө суу каптоонун алдын алуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө (фото)
2015-жылдын 12-13- февралында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айыл өкмөтүнө караштуу Куршаб айылынын Поворот участкасындагы 1-Май көчөсүндөгү автоунаа жолунун жогорку жана төмөн жагында жайгашкан 13 турак үйдүн айланасын суу каптаган.
Турак жайларга жана адамдарга зыян келген эмес. Турак үйлөрдү коргоо максатында ЖЭМ-956 (ДЭП-956) ишканасынын эксковатору тартылып, жалпы 55 метр аралык жер казылган.
КРнын ӨКМнин Өзгөн районунундагы №53 өрт өчүрүүчү кызматынын 1АС4-40 ЗИЛ автоунаасы менен эшик алдындагы суулар тартылып, айыл өкмөт тарабынан жогоруда аталган иштерге 160 литр күйүүчү май бөлүнүп берилди.
2015-жылдын 13-февралында КРнын ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы майор Дайырбек Каримов Поворот участкасындагы турак жайларга кооптуу абал түзгөн участкаларды жеринде көрүп, Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы менен биргеликте кийинки боло турган жаандын жана жер алдынан суулар көтөрүлүп турак үйлөргө коркунуч келтирүү мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен, Куршаб айылынын Поворот участкасына дренаж каналын казуу керектиги боюнча чечим кабыл алышкан.
2015-жылдын 14-февралы күнү райондук Жарандык коргонуу комиссиясы аркылуу өз жеринде канча дренаж казуу керектиги боюнча эсеп-кысаптар, акттар түзүлүп, алардын эсептөөсүнүн негизинде ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгы тарабынан күйүүчү май бөлүнүп берилип, жергиликтүү бийлик тарабынан техника уюштурулуп, алдын ала иштери жүргүзүлүүдө.





Leave a Reply