Президент Алмазбек Атамбаевдин Мекен коргоочуларынын күнү менен куттуктоосу

“Урматтуу кыргызстандыктар! Мекен коргоочуларынын күнү - эрдиктин, каармандыктын жана ар-намыстын майрамы менен куттуктайм! Бул күнү биз эң жооптуу мезгилде каармандык менен Мекенди коргогондорго сый-урмат көрсөтөбүз. Эң оболу Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин эрдигине терең таазим…
Толугу менен »

Кар көчкүдөн каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүлдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, 2015-жылдын 18-февралындагы кар көчкүдөн каза болгон Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жерге-Тал айыл аймагындагы Жерге-Тал айылынын тургундары Жээнбай уулу Мирбектин жана Төлөнбаев Адылбек Дербишалиевичтин үй-бүлөлөрүнө Президенттик социалдык…
Толугу менен »

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги Кайып Оторбаевдин үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүлдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги Оторбаев Кайып Оторбаевич кайтыш болгондугуна байланыштуу анын үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү үчүн Президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан 100 000…
Толугу менен »

Салянованын жаңы күчү. Калыптанган тааныш көздөр. Баякы эле «обончулар»

   21-күнү Нарын шаарына өлкөнүн кечээки башкы прокурору Аида Салянова келип, коомчулук менен жолугушуу жыйын өткөрдү. Облустук театрдын чоң залы жык-жыйма толуп, каалоочулар эки капталда туруп дагы турушту.     -Мурун Нарынга көп эле келчүмүн. Жамандык-жакшылык…
Толугу менен »

Нарында ОИИБнын жаңы кызматкерлери ант беришти

 23-февраль Ата Мекенди коргоочулардын күнүнүн алдында облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) кайгуул күзөт кызматына ишке орношкон 10 жана тез чара көрүүчү атайын отрядка кабыл алынган 1 кызматкер коомчулуктун алдында ант беришти. -Эгер антты бузсам, мен…
Толугу менен »

Төрага А.Жээнбеков Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады

Урматтуу мекендештер! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан Мекенди коргоочулар күнү менен чын дилимден куттуктайм! Бул күнү чыныгы каармандыктын үлгүсүн көрсөткөн ардагерлерибиздин эрдигин эскерип, Мекен чегинде турган жоокерлерибизге ыраазылык сөзүбүздү арнайбыз. Өлкөнү коргоону, тынчтыкты сактоону …
Толугу менен »

Нарында «Социалдык адилеттүүлүктүн» бир айлыгы өткөрүлөт

  Мындан ары Нарын облусунда 20-февралдан 20-мартка чейин «социалдык адилеттүүлүктүн» бир айлыгы өткөрүлөөрүн өкүлдүн орун басары Чынара Абдырайымакунова атайын отурумда билдирди. -Калктын социалдык аялуу катмарына социалдык колдоо көрсөтүү максатында облус жетекчисинин буйругу чыгарылды. Буйрукка ылайык бир…
Толугу менен »

 Банги заттарды кантип көзөмөлдөйт

Ош технологиялык университетинде окуу жайдын администрациясы, окутуучулары жана студенттердин катышуусунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу баңги затты көзөмөлдөө кызматынын жетекчилиги жана кызматкерлери   менен жолугушту. Анын негизги максаты аталган мамлекеттик органдарынын аткарып жаткан иштери   тууралуу  маалымат берүү…
Толугу менен »

Шулосбург- тарыхый энчиси менен таанымал  

Германиянын  Нордхаймвестальд жери  атактуу  Рейн  дарыясынын  Түндүк  тарабында. Анын  борбору  Дюссельдорф  шаары. Биздеги  райондук  акимчилик  дегендей, аларда  обер- бургомистер башкарат. Түндүк  Рейн  Весталиянын   жээгинде  байыркы шаарлардын  бири  Вупертал, Кельн, Солинген  жана Дюссельдорф  жана  бир  нече …
Толугу менен »

Нарында «Мыкты сценарий» сынагы жарыяланды

  Нарын шаарындаУлуу Жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоого карата өкүлдүн аппараты «Мыкты сценарий» сынагын жарыялагандыгын аппараттын бөлүм башчысы Динара Жунусова билдирди. -Алдыдагы Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын белгилөөгө карата атайын сынак жарыяланууда. Анда Ата Мекенди сүйүү, анын ички…
Толугу менен »

Депутат Э.Жумалиева: «ЖРТ турларынын созулуп кетиши көмүскө келишүүчүлүктөргө жол ачат»

 Жогорку окуу жайларына (ЖОЖ) кабыл алуу жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы менен жүргүзүлө баштагандан бери «АКСЕЛС» эл аралык уюму негизги тестти өткөрүүнүн өзөктүү фигуранты болуп келет. «Канча жыл өтсө да ошол тестти өткөрүүдөгү жол-жоболор жаңыртылган…
Толугу менен »