Нарында ОИИБнын жаңы кызматкерлери ант беришти
23-февраль Ата Мекенди коргоочулардын күнүнүн алдында облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) кайгуул күзөт кызматына ишке орношкон 10 жана тез чара көрүүчү атайын отрядка кабыл алынган 1 кызматкер коомчулуктун алдында ант беришти.
-Эгер антты бузсам, мен КРнын мыйзамдарынын катаал жазасын көтөрүүгө даярмын,-деп билдиришти ант берүүчүлөр.
-Мына силер ушул мүнөттөн тарта анык ички коопсуздукту сактаган кызматкер болдуңар. Бирок антты жөн эле окуп койбостон, аны жүрөгүңөр менен кабыл алышыңар керек. Демек аткара турган ишиңерде зор жоопкерчилик турат. Ошондуктан ант берүүңөр менен куттуктаймын,-деди алгачкы ИИОнун кызматкерлерине кайрылып, Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Орозобек Молдосариев.
Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу


Комментарий кошуу