Төрага

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан Мекенди коргоочулар күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Бул күнү чыныгы каармандыктын үлгүсүн көрсөткөн ардагерлерибиздин эрдигин эскерип, Мекен чегинде турган жоокерлерибизге ыраазылык сөзүбүздү арнайбыз.

Өлкөнү коргоону, тынчтыкты сактоону  атуулдук ыйык милдет  сезген жоокерлерибиз жана офицерлерибиз мамлекетибиздин көз карандысыздыгын бекемдеп, аны өнүктүрүүгө салым кошууда.

Урматтуу мекен сакчылары, сиздерге чың ден-соолук, бакубат турмуш, кажыбас кайрат, майтарылбас эрк каалайм. Кудай буюрса, сиздер менен бирге күчтүү армиясы бар, гүлдөгөн Кыргызстанды курабыз!

 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Төрагасы

Асылбек ЖЭЭНБЕКОВ