Депутат Э.Жумалиева: «ЖРТ турларынын созулуп кетиши көмүскө келишүүчүлүктөргө жол ачат»
Жогорку окуу жайларына (ЖОЖ) кабыл алуу жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы менен жүргүзүлө баштагандан бери «АКСЕЛС» эл аралык уюму негизги тестти өткөрүүнүн өзөктүү фигуранты болуп келет.
«Канча жыл өтсө да ошол тестти өткөрүүдөгү жол-жоболор жаңыртылган жок. Кала берсе, жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы шаарлар үчүн өзүнчө, элеттеги мектеп бүтүрүүчүлөрүнө өзүнчө чыгарылып жаткандыгы бул жердеги коррупциялык элементтердин ээн-эркин жүргөндүгүнөн кабар берет»,- дейт депутат Элмира Жумалиева 20-февралда «Парламент» радиосунун түз эфиринде болуп.
Ошондой эле депутат жалпы республикалык тестирлөөнүн бир же эки тур менен гана жыйынтыкталып калбай, 3-4-турга чейин созулуп кетиши «жең ичинен” сүйлөшүүлөргө эң сонун мүмкүнчүлүк жаратып жаткандыгын да белгиледи. “Эң ириде ошол ЖРТ турларынын созулуп кетиши көмүскө келишүүчүлүктөргө жол ачат”,- дейт Э.Жумалиева.
Андан сырткары, эл өкүлү жогорку окуу жайларындагы студенттердин бир ЖОЖдон экинчи бир ЖОЖго которулушунда айырмачылыктарды тапшырууга келгенде тиешелүү чек көрсөтүлүш керектигин белгиледи. Ошондой эле ал угармандарды кызыктырган эл аралык деңгээлдеги билим берүү усулдары боюнча суроолорго да жооп берди деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.


Комментарий кошуу